Чуулуу төш белгилер депутаттарга эки жылдан кийин тапшырыла баштады

© Фото / пресс-служба ЦИК КРИзготовление 10 тысяч нагрудных знаков для депутатов местных кенешей
Изготовление 10 тысяч нагрудных знаков для депутатов местных кенешей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы 10 000 даана төш белгинин ар бири 74 сомдон алынды.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутаттарына төш белги тапшырууда. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Высшая степень отличия Кыргыз Республикасынын Баатыры - Sputnik Кыргызстан
"КР баатыры" эмне болгон наам жана кандай артыкчылыктарды берет
Билдирүүгө ылайык, мекеме тендер жарыялап спектрдик талдоодон өткөн, конкурстук документтердин техникалык талаптарына жооп берген төш белгилерди алып, аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берди.

Анын ар биринин баасы 74 сомду түзүп, 10 000 даана буюртма кылынган. Жалпы өлкө казынасынан 740 миң сом сарпталды.

Эске сала кетсек, БШК ал төш белгилерди алуу үчүн 2016-жылы 6,3 миллион сомго тендер жарыялаган. Алар ошол жылдын соңунда шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттарына тапшырылмак. Бирок ага коомчулук тарабынан нааразычылыктар жаралып, аны менен бирге тендерде эң арзан баа сунуштап утулуп калган компания укук коргоо органдарына арыз менен кайрылып, иш соңуна чыккан эмес. Андан соң 2018-жылдын август айында 3 миллион 800 миң сомго кайрадан тендер жарыяланып, аны бир төш белгини 74 сомдон жасап берчү ишкана утуп алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0