Россия эл достугу окуу жайындагы Айтматов залын жасалгалоого 500 миң сом бөлүндү

© Фото / Алия СамидинЖазуучу Чыңгыз Айтматовдун портрети. Архив
Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун портрети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Россия эл достугу университетинин гуманитардык жана социалдык илимдер факультетинин имаратында жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы окуу залын жасалгалоо максатында 500 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Аталган каражат премьердин резервдик фондунан бөлүнөт.

Белгилей кетсек, быйыл белгилүү жазуучунун 90 жылдык мааракеси Кыргызстанда жана чет жерде кызуу белгиленүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0