Бала багып алууну каалаган ата-энелерге сертификат тапшырылды

© Фото / пресс-служба Минтруда и соцразвития КРОбучение потенциальных приемных семей в КР
Обучение потенциальных приемных семей в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фостердик үй-бүлөгө жашы жете элек бөбөктөрдүн саны 5тен ашпашы керек деген талап коюлган.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Кыргызстанда балдарды асырап алабыз деген 132 ата-эне атайын окутуудан өтүп, сертификатка ээ болду. Бул туурасында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты.

Бир нече бала асырап алып, фостердик үй-бүлө түзөбүз деген ниет менен 211 адам кайрылган. Эки этаптан турган окуудан, тандоодон өткөн соң, алардын 132сине атайын документ берилген. 

© Фото / пресс-служба Минтруда и соцразвития КРОбучение потенциальных приемных семей в КР
Обучение потенциальных приемных семей в КР - Sputnik Кыргызстан
Обучение потенциальных приемных семей в КР

Балдардын болочоктогу ата-энесин тандоо, аларга мүмкүнчүлүк берүү жооптуу иш экендигин министрликтен айтышкан.

Фостердик үй-бүлөнү түзүү үчүн баланы алганда атайын келишим түзүлүп, ата-энелер тандоодон өтөт. Алар 16 жашка чейинки үч баланы багып алууга акылуу. Үй-бүлөдө жашы жете элек бөбөктөрдүн саны 5тен ашпашы керек деген талап коюлган.

"Кыргызстанда бүгүн жети фостердик үй-бүлө бар. Учурда балдар интернатка эмес, дал ушундай бүлөдө тарбияланса деген ниет менен министрлик аталган институтту өнүктүрүү жаатында иш алып барууда", — деди эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова.

Балдарды кароо жана багып алган ата-энелерге айлык төлөп берүүгө акча республикалык бюджеттен каралары маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0