Бишкекте ичимдик ичип бөтөлкөсүн балдар аянтына ыргыткандар жазаланды

© Sputnik / Дмитрий Степанов / Медиабанкка өтүүБалдар аянтчасы. Архив
Балдар аянтчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-кичирайондогу короолордун бириндеги видеокамерага ичимдик ичкен кишилер бөтөлкөлөрдү балдар аянтчасына ыргытып жатканы тартылып калган.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Бишкекте укук коргоочулар ичимдик ичип бөтөлкөсүн коомдук жайга ыргыткан эки кишини жазалады. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Буга чейин Бишкектеги 9-кичирайондогу короолордун бириндеги видеокамерага ичимдик ичкен кишилер бөтөлкөлөрдү балдар аянтчасына ыргытып салганы тартылып калган. Тасманы редакцияга жергиликтүү тургундардын бири берген.

Лагерь для детей с синдромом Туретта в США - Sputnik Кыргызстан
Акылдуу адамдар жабыркаган дарт. Коркунучтуу кеселдин белгилери
ШИИБден маалымдашкандай, аталган материал Sputnik сайтына жарыялангандан кийин факты Октябрь райондук ИИБинде каттоого алынган. Кийин укук коргоочулар кишилердин ким экенин аныктап жазалаган.

Тагыраагы, 31 жаштагы С.У. аттуу киши Административдик кодекстин 366-беренесине ("Ичимдик ичип же мас абалда коомдук жайларда жүрүү") ылайык, 1000 сом айыпка жыгылды. Ал эми А.Э. аттуу жаранга 489-берене ("Уруксат берилбеген жерге таштанды ыргытуу, өрттөө") боюнча 2000 сом айып салынды. Ошондой эле анын иши Октябрь райондук администрациясынын атайын комиссиясынын кароосуна жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0