Бишкектин чок ортосунда Рождествого арналган көргөзмө-жарманке өтөт

© Sputnik / Николай Филяков / Медиабанкка өтүүРождественское украшение Берлина
Рождественское украшение Берлина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 21-декабрда 13:00дө башталып, 23-декабрга чейин созулат.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Борбор калаадагы Курманжан датка эстелигинин алдында Рождество майрамына арналган көргөзмө-жарманке өтөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Иш-чара 21-декабрда 13:00дө башталып, 23-декабрга чейин уланат. Мындан сырткары, көргөзмө-жарманкенин ачылышы майрамдык концерт менен коштолот.

"Рождество майрамына арналган жарменкеден кызыктуу, өзгөчө жаңы жылдык белектерди алса болот. Иш-чарадан колго жасалган буюмдардан балаты оюнчуктары, жүн, кийизден жасалган буюмдар, этникалык кийимдер, айтор, кызыктуу көп нерселерди таба аласыздар", — деп жазылат маалыматта.

Жарманкеге Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандан 30дан ашык кол өнөрчү, дизайнер, сүрөтчүлөр катышмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0