Ячейка чуусу. Улуттук банк Финчалгындоо кызматына мыйзам тууралуу эскертти

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота Национального банка КР
Работа Национального банка КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финансылык чалгындоо кызматы бардык банктардан эсеп жана ячейка ээлери тууралуу маалыматтарды талап кылган. Бирок бул кадам банктардын гана эмес, коомчулуктун дагы нааразычылыгын жараткан.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Улуттук банк эсептер менен ячейкалардын ээлери тууралуу реестр түзүү финансылык секторго сокку урушу мүмкүн деген пикирин айтты.

Эске салсак, социалдык тармактарда Финансылык чалгындоо кызматы банктардан эсеп жана ячейка ээлери боюнча маалыматты талап кылган каттын сүрөтү тараган. Мындан улам аталган кызмат мыйзамдан тышкары эч кандай кадам жасабаганын "бирок бул ачыкка чыгарбай турган купуя маалымат болчу" деген пикирин айткан

Курс доллара США - Sputnik Кыргызстан
Эми УКМК үн катты. Зилалиевдин ячейкадагы акчалары тууралуу видеонун таржымалы
Ошондой эле бул документ боюнча "Кыргызстандын банктар союзунун" төрагасы Анвар Абдраев оюн билдирип, 24.kg агенттигине бул талап Конституцияга жана мыйзамдарга каршы келип, банк системасынын имиджине терс таасирин тийгизерин айткан. 

Улуттук банктан билдиришкендей, финансылык мекемелер "Террордук ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, финчалгындоо талап кылган маалыматтарды бере алат.

Бирок маалымат талап кылынган катта "Улуттук банк, банктар жана банктык ишмердик" тууралуу мыйзамга туура келиши керек. Анда кардардын аты-жөнү, маалыматтын көлөмү жана ал кандай максатта колдонулары так көрсөтүлүшү зарыл.

"Эгер кат бул талаптарга жооп бербесе, банк маалымат берүүдөн баш тартууга укуктуу", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга байланыштуу Улуттук банк башка мамлекеттик органдар дагы мыйзамдуу түрдө коюлган талаптар менен иш алып барышы керек деп эсептейт.

"Банктардын бардык кардарлары боюнча толук маалымат берип коюу "Улуттук банк, банктар жана банктык ишмерлик" мыйзамына туура келбейт деп эсептейбиз. Бул кадам кардарлардын ишенимин кетирип, акчанын чет өлкөлөргө агылышына алып келет", — дешти Улуттук банктан.

Ошондой эле Кыргызстандын инвесторлор үчүн кызыксыз болуп калышы мүмкүн экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0