Бишкек — Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө коюлуп жатат. Сүрөт

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүЖүк ташуучу анаалар. Архив
Жүк ташуучу анаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция тоолуу райондорго сапар алгандарга ылдамдык режимин жана 500 метрлик дистанцияны сактоо керектигин эскертет.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда кар катуу жаап жаткандыктан жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилип жатат. Бул тууралуу Чүй ЖКККБдан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба УОБДД Чуйской областиБишкек — Ош жолунда кар катуу жаап жаткандыктан жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилип жатат
Ограничение движения на трассе Бишкек — Ош - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Ош жолунда кар катуу жаап жаткандыктан жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилип жатат

"Сосновка" постунан жеңил унаалар эркин өтүп жатат. Бирок кар катуу жаап жаткандыгына байланыштуу жүк ташуучу унааларга маал-маалы менен чектөөлөрдү киргизип жатабыз. Тагыраагы, жолдо тыгын жаралбасын деп жүк ташуучу унааларды ар бир 1,5-2 саатта кое берүүдөбүз", — деп милициядан билдиришти.

Ошондой эле Боом жана Төө-Ашуу аркылуу тоолуу райондорго сапар алгандарга ылдамдык режимин жана 500 метрлик дистанцияны сактоо керектиги эскертилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0