Жол куруучуларга 8 айдан бери акы төлөнө элек. Кытай компаниясы качып кеткенби?

Жазылуу
Балыкчы — Корумду жолун куруп жаткан Кытайдын "Лонг Хай" компаниясы жүздөгөн жумушчуга миллиондон акча карыз экени айтылды.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Балыкчы — Корумду унаа жолун курууга катышкан жана техникаларын ижарага берген ишкананын ээлери көптөн бери кызмат акысын ала албай жүргөнүн айтып Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылышты.

Анда курулуш иштерин жүргүзгөн Кытайдын "Лонг Хай" компаниясы жүздөгөн жумушчуга миллиондогон акча карыз экенин айтышты. Аталган кытайлык компания Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин буюртмасынын негизинде иш алып барган.

Жолдун түтүктөрүн орноткон субподрядчы "Инком" ЖЧКсынын жетекчиси Үмүт Жумабаев 3,2 миллион сом акчасын сегиз айдан бери ала албай жүргөнүн билдирди.

"Ар кимге карызмын, сатканга эч нерсем калбай калды. Акыры бир жумушчу келип үйдөгү 12 терегимди кыйып кетти. Айлам кетип, айылга бара албай жүрөм. 20 күндөн бери Транспорт жана жолдор министрлигинин эшигин кагып жатам. Министрлик бул маселе боюнча жыйын куруп, 144 миллион сомду "Лонг Хай" компаниясына которгон. Ал акчанын эсебинен биз көрсөткөн кызмат акы толугу менен, башкалардыкы 50 пайызга төлөнмөй болгон. Бирок "Лонг Хайдын" жетекчиси өзүнүн кызматкерлерине бир айлык маянасын берип, субподрядчылар менен техникасын ижарага бергендерге акча азырынча төлөнбөй турганын айтты", — деди Жумабаев.

Автобекеттеги чууга карабай транспорт министрине чейин жеткен Ногойбаевдин чыйыры - Sputnik Кыргызстан
Автобекеттен куулуп транспорт министрине чейин жеткен Ногойбаевдин чыйыры
Жумабаев сыяктуу даттанган 14 киши арыз жазып Транспорт жана жолдор министрлигине, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына, УКМКга жана ИИМге кайрылган.

"Мага окшоп миллиондогон акчасын өндүрө албай жүргөндөр бар. Өкмөттөн которулду делген 144 миллион сомду кытайлык компания "банктан чыгарып качып кетти" деп уктук. Ошого тынчсызданып жатабыз", — деп кошумчалады Жумабаев.

Ал эми Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетов бул маселе эртең чечиле турганын билдирди.

"Жол курган "Лонг Хай" компаниясын субподрядчылар сотко берип банктык эсеби камакка алынгандыктан кечигип жаткан. Бирок 18-декабрда ал компанияга 144,2 миллион сом которулду. Жумушчулар акысын кечээ эле алышмак, эмнегедир болбой калып эртең бериле турган болду", — деди Досумбетов.

Пара менен кармалган транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев - Sputnik Кыргызстан
Чет өлкөдөгү жайдары сүрөттөр! Пара менен кармалган Жусубалиев тууралуу 6 факты
Белгилей кетсек, Балыкчы — Корумду унаа жолунун узундугу 104 чакырымды түзөт. Долбоордун жалпы суммасы 2,6 миллиард сомго бааланган. Куруу иштери 2015-жылы башталып, ошондон бери түрдүү чырлардын аягы тыйылбай келет. Ал эми жумушчулардын эмгек акысын ала албай мукураган фактылар былтыртан бери байма-бай катталууда.

Үстүбүздөгү жылдын июлунда Жол чарба департаменти Балыкчы — Корумду унаа жолун реконструкциялоо үчүн консультациялык кызматтарды пайдаланууда бюджеттен 16 миллион 284 сом мыйзамсыз негизде короткон деп кылмыш иши козголгон. Ал эми октябрь айында ушул эле департаментке начар цемент колдонгон деп дагы бир кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0