Ажылык-2019: Кыргызстанга бөлүнгөн квота көбөйдү

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүМеккедеги зыяратчылар. Архив
Меккедеги зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Сауд Аравиясынын ажылык боюнча министринин орун басары менен жолукту.

БИШКЕК, 21-дек— Sputnik. Кыргызстандык зыяратчылар үчүн 2019-жылга карата Сауд Аравиянын ажылык боюнча министрлиги 5485 орун бөлдү. Бул 2018-жылга караганда 85 орунга көп. Маалыматты муфтият таратты.

Билдирүүгө ылайык, Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Сауд Аравиясынын ажылык боюнча министринин орун басары менен жолугуп, 2019-жылдагы ажылыкта кызмат көрсөтүү боюнча эки тараптуу келишимге кол коюшту.

Маалыматта, андан сырткары, Сауд Аравиянын министрлиги Кыргызстандын 2018-жылдагы ажылыкты уюштуруу аракетин эң жакшы деп баалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0