Бишкекте жаңы жыл күнү коомдук транспорт түнкү саат 2.00гө чейин иштейт

© пресс-служба мэрии города БишкекНовогоднее оформление общественного транспорта в Бишкеке
Новогоднее оформление общественного транспорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте автобус, троллейбус жана маршруткалар түнгө чейин каттайт.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Бишкекте жаңы жыл күнү коомдук транспорт түнкү саат 2.00гө чейин иштейт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Мындай чечим жарандардын ыңгайлуулугу үчүн кабыл алынды. 31-декабрдан 1-январга караган түнү борбор калаада автобустар, троллейбустар жана маршруткалар каттайт.

Жаңы жылды "Ала-Тоо" аянтында тосууну пландап жаткан калаа тургундары үйлөрүнө төмөнкү каттам менен каттаган автобустар менен кете алышат:

— №7, Аламүдүн-1 кичи району;

— №9, Тынчтык конушу — Асанбай кичи району;

— №38, 110-квартал — Асанбай кичи району;

— №42, Ала-Тоо аянты — 12-кичи район.

Троллейбустар дагы каттайт:

— №2, Аламүдүн-1 кичи району — Фрунзе атындагы завод;

— №4, эт комбинат — Кожзавод;

— №7, Тунгуч кичи району — Ак-Өргө конушу;

— №8, Ак-Өргө конушу — Лермонтов көчөсү;

— №10, Асанбай кичи району — Фрунзе заводу;

— №14, Жогорку Жал — Киркомстром.

Микроавтобустардын каттамы:

— №143, Маевка айылы — Кыргызстан конушу;

— №164, Баетово — Көк-Жар конуштары;

— №166, Кызыл-Аскер — Аю-Гранд;

— №192, Ак-Ордо — Дордой-2 конуштары;

— №211, МТФ — Тынчтык конушу;

— №219, Учкун кичи району — Коммунаров көчөсү;

— №222, Ак-Ордо — Алтын Ордо конуштары;

— №224, Келечек — Жеңиш конуштары;

— №240, Энесай конушу — 110-квартал;

— №254, Ак-Ордо конушу — Восток айылы;

— №260, Арча-Бешик — Бакай-Ата конуштары.

Жаңылыктар түрмөгү
0