Ажылык сапарда кыргызстандыктарды заманбап автобустар тейлейт

© Фото / пресс-служба ДУМКХадж кыргызстанцев в Мекку
Хадж кыргызстанцев в Мекку - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Абдур Рахман Аль Харби менен жолугушуп, ажылык сапардагы кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу маселесин талкуулады.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Кыргызстандык ажыларды Мекке шаарында заманбап автобустар тейлейт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө таянсак, муфтий Максатбек ажы Токтомушев Сауд Аравиянын ажылык министрлигинин алдындагы жолдор башкармалыгынын директору Абдур Рахман Аль Харби менен жолугушуп, ажылыктагы кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу маселесин талкуулашкан.

"Тараптардын жолугушуусунда ажылык сапар учурунда Мекке шаарында кыргызстандык ажыларга автобустар менен кызмат көрсөтүү, Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүнө заманбап унаалар менен ташуу, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу маселеси талкууланды", — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 19-декабрда муфтий Максатбек ажы Токтомушев, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов, жарандык авиация агенттигинин өкүлү, КМДБнын башкы эсепчиси Жеңиш Бекиев жана КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев Сауд Аравиянын ажылык министрлигинин чакыруусу менен Мекке шаарына кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0