Бишкектин бир катар аймактарында беш күнгө чейин газ болбойт

© AFP / BARBARA SAX Газификация Берлина
Газификация Берлина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана шаймандардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Авариялык жана калыбына келтирүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу Бишкектин бир катар аймактарында беш күнгө чейин газ болбойт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясы билдирди.

Ага ылайык, төмөнкү райондордо көгүлтүр от болбойт:

Парк на Крестовском острове в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Ишембиге карата аба ырайы
24-28-декабрда Бишкек шаарынын Курманжан датка, Чоң Чүй каналы, Лермонтов, Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишкен аймагы;

24-26-декабрда Бишкек шаарынын Махатма Ганди, Можайский, Манас проспектиси, Васильев көчөлөрүнүн кесилишкен аймагы;

24-25-декабрда Орто-Сай айылынын Ала-Арча шаарчасында.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана шаймандардын үзгүлтүксүз иштөөсүн жөнгө салуу максатында жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0