Эч нерсе сезбейм... Күйөөсүнө "ыраазы болбогон" аялдын бугу

© AFP / Behrouz MEHRI Артын карап турган аял. Архив
Артын карап турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында күйөөсүнөн эч кандай лаззат ала албай, эмне кылаар айласын таппай жүргөн төшөгү муздак аялдын каты жарыяланды.

Кучакташып турган жуп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаш келинге арзып калдым окшойт... Бүлөлүү эркектин баяны
- Жолдошум экөөбүздүн бирге түтүн булатып келе жатканыбызга 10 жылга жакындап калды. 5-6 ирет жолугуп эле баш кошконбуз. Учурда жашым 35те, ал эми жолдошум 38ге чыгып калды. Ортодо кызыбыз бар. Иштеген ишибиз, үстүбүздө үйүбүз бар. Күйөөм жакшы акча табат, үйрүлүп түшүп, көзүмдү карабаса да, мамилеси жакшы. Эл катары ичет, чегет, бирок орду менен. Туугандарымды жерибейт, сыйлап турат. Анысы ичимди жылытат. Айтор, сырттан караган адамга идеалдуу эле үй-бүлөдөй сезилебиз.

Бирок жүрөк өйүткөн бир маселебиз бар, тагыраагы, маселем бар. Ал барган сайын жүрөк өйүтүп, кимге эмне деп айтам деп башым маң. Силердин сайтты окуп тургандыктан, жазып көрүүнү туура көрдүм.

Айтайын дегеним – күйөөм менен жакшы жашап жүргөнсүгөнүм менен төшөктө канааттанбайм. Аял-күйөө катары интимдик мамилени парз катары эле аткарып жаткандай туюла берет. Уялбай эле айта берейин, бирок күйөөм менен жатканда эч нерсе сезбейм. Кызымды төрөгөндөн бери ушундай болуп калдым. Андан бери жети жыл болду. Аракет кылсам дагы болбой жатат. Боюма дагы бүтө элек. Күйөөм болсо оюмду деле сурабайт, өз ишин бүткөндөн кийин уктап калат. Ачылып айтайын деп намысына тийип аламбы деп корком. Башында көп нерсени этибар албай жүрө берчүмүн. Бирок жылдар өткөн сайын кыйналат экенсиң. Апама, аяштарыма айткандан уялам. Сиңдиме четин чыгарсам, "өзүң чеч" деп койгон. Дос кыздарым болсо психологго кайрылып көрүүнү сунушташты, бири ажыраш дейт. Бирок кантип ажырашам, "күйөөмөн ырахат ала албай жатам" деп кетип калмак белем?..

"Психоанализ.кг" психотерапия борборунун жетекчиси Муратбек Султанбеков:

Кол чатыр астында турган жуп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Экинчи аялым менен колунда бар үчүн жашап жүрөм... Ара жолдо калган эркек
- Ортодо бир кызы бар жаш, жакшынакай үй-бүлө экен. Экөө беш ирет жолугуп үйлөндүбү, же бир жыл сүйлөшүп баш коштубу, айтор, бири-бирин жактырган да. "Ажырашсамбы" деп жатат, ажырашууга эч качан шашпагыла!

"Жолдошум эч нерседен кем кылбай багат, туугандарыма жакшы мамиле жасайт" деп жатат. Демек, күйөөсү үй-бүлөнү ойлогон, алдыга койгон максаттары бар адам. Кызыңардын атасыз өсүшүн каалайсыңарбы? Чоңойгондо балдардын арасынан "сенин атаң кайда?" деген суроого сынып калсачы. Толук кандуу үй-бүлөдө чоңойгон бала атасы же энеси жок өскөн баладан эки эсе айырмаланып турат. Тарбиясы дагы башкача болот.

Бул аял "төшөктө ырахат алып, моокумум канса бактылуу болмокмун" деп ойлоп жатат. Бирок бакыт муну менен эле чектелип калбайт. Биринчи кезекте үй-бүлөдө ынтымак-ырашкерлик болушу керек, аял-күйөө бири-бирин сүйүп, сыйлашып түшүнсө, башка көйгөйдү чечүү оңой болот. Үй-бүлөлүк баалуулуктан дагы интимдик мамилени биринчи орунга койгон туура эмес.

Албетте, жубайлар ортосундагы мамиле, үйдөгү ынтымак-ырашкерлик менен интимдик мамиле айкалышып турушу керек. Аялдын айтымына караганда, жубайлар ортосунда баары жакшы эле экен. Төшөк кумарынын айынан эле ажырашып кетсе, чоң жаңылыштык кетирген болот.

Келин. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Же кете албай, же кала албай... Кайын журтун кыя албаган жесир келин
Алгач аял өзүндөгү психикалык ыңгайсыздыкты оңдошу керек, анан жыныстык катнаш өзүнөн-өзү жакшырып кетет. Эгер бул жубайлар бири-бирин чындап жакшы көрсө, анда төшөктө маселе жаралбайт болчу. А балким бул аялдын өзүндө (жыныстык мүчөсүндө) кандайдыр бир көйгөй бардыр. Же болбосо күйөөсүнүн башка тапканы жок бекен, аны да байкап көрсүн. Бул жерде көп нерсе түшүнүксүз, суроолор ачык бойдон калууда.

Колдон келсе психологго барып, бетме-бет отуруп баарлашсын. Жолдошуна уялбай-этпей эле ачык айтып көрсүн. Дарыгерге көрүнүш керек болсо, дарыгерге барсын, айтор маселени ажырашууга жеткирбей чечип алса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0