Алып баруучу Анара Бейшекеева: үнүң жаш баланыкындай деп текст окутушчу эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековВедущая утренней программы "Замана" на КТРК Анара Бейшекеева
Ведущая утренней программы Замана на КТРК Анара Бейшекеева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Теле жана радио кызматкерлери үчүн эфир анын ичинде түз эфир эң жоопкерчиликтүү жумуш болуп эсептелет эмеспи. Айрыкча таң атпай супсулуу болуп түз эфирде болуп калууга көбүнүн эле эрки жетпесе керек.

Анара Бейшекеева "Замана" таңкы программасында 16 жылдан бери эмгектенет. Алып баруучу "жумушту сүйсөң, таң атпай турмак түгүл, уктабай деле иштей бересиң" дейт. Түйшүктүү кесип ээси Sputnik Кыргызстан агенттигине жашоосундагы кызыктуу көз ирмемдерин айтып берди.

© AP Photo / Таалайгуль УсенбаеваАнара Бейшекеева: Жаңы жазган тексттеримди өзүмө окутушчу эмес. "Тамгалап, анан кичине баладай окуйсуң" деп башка бирөөлөргө карматып коюшчу.
Ведущая утренней программы Замана на КТРК Анара Бейшекеева - Sputnik Кыргызстан
Анара Бейшекеева: Жаңы жазган тексттеримди өзүмө окутушчу эмес. "Тамгалап, анан кичине баладай окуйсуң" деп башка бирөөлөргө карматып коюшчу.

Журналистикага студент кезинде аралашкан алып баруучу

Теле тармагына 2003-жылы келдим. Улуттук университеттин журналистика факультетинин 3-курсунда окуп жаткан кезде КТРК менен окуу жай биргелешип сынак өткөрүп калышты. Калыстар тобунун ичинде "Замана" студиясынын продюсери Тамара Жаманбаева дагы бар экен. "Телеге иштейм" деп өтө деле жанталашкан эмесмин, бирок буйрук экен, Жаманбаева мени жактырып калып "Заманага" чакырды. Негизи радио кызматкери болгум келчү да. Ошентсе да "мындай мүмкүнчүлүк бериле бербейт" деп таңкы программага бардым. Жамаат мени жылуу тосуп алды. Бирок кыйынчылыктар болбой койгон жок. "Замана" студиясы ал кезде телемунаранын жанында болчу. Ал жакка чейин коомдук транспорт каттабай "эмне деген жерге жумушка кирип алгам" деп жинденген күндөр да өттү.

Жаңы жазган тексттеримди өзүмө окутушчу эмес. "Тамгалап, анан кичине баладай окуйсуң" деп башка бирөөлөргө карматып коюшчу. Микрофон кармагандан тарта камера алдында кандай туруп, кандай сүйлөөгө чейин эринбей үйрөтүштү. Ал үчүн жалпы жамаатка ыраазымын. Мындан сырткары, менин алып баруучу болушума Тамара Жаманбаеванын эмгеги зор. Башында эфирди орус тилинде алып барсам, 2-3 жылдан бери кыргызча чыга баштадым. Түз эфир алып баргандан тышкары сюжет жасайм, каармандын баарын өзүбүз табабыз.

© Фото / Урмат КенжебековАнара Бейшекеева: "Замананын" ар бир эфири — мен үчүн чоң бир экзамен. Кандай гана кырдаал болбосун, эртең эфир дегенде эрте жатам.
Ведущие утренней программы Замана на КТРК Анара Бейшекеева и Нурдоолот Копоев - Sputnik Кыргызстан
Анара Бейшекеева: "Замананын" ар бир эфири — мен үчүн чоң бир экзамен. Кандай гана кырдаал болбосун, эртең эфир дегенде эрте жатам.

Ар бир эфир мен үчүн — экзамен

"Замананын" ар бир эфири — мен үчүн чоң бир экзамен. Кандай гана кырдаал болбосун, эртең эфир дегенде эрте жатам. Кыздарым дагы "апам эс алсын" деп бири үй жыйнап, экинчиси тамак жасап, айтор, жумушума жоопкерчиликтүү мамиле кылышат. "Уктап калбайын" деп өзүмдүн, жолдошумдун телефонун будильникке койсом, атабыз кыздарына "апаңар эртең менен турбай калат, телефонуңарды будильникке коюп койгула" деп тамашалап калат. Айтор, үй-бүлөм чыгармачылыгымды, ишимди колдойт.

Кайдасың? берүүсүн алып баруучусу Нуркамал Асканова - Sputnik Кыргызстан
Нуркамал Асканова: чет өлкөгө иштеп кеткен эне 20 жылдан соң Кыргызстандан табылды
Эфирге чыгарда уйку канбай калса, элдин уйкусун кантип ачмак элек. Ошондуктан биринчи кезекте алып баруучулар өзүбүз сергек болууга милдеттүүбүз. "Замананын" алып баруучулары эле эмес, бүтүндөй чыгармачыл топ таң атпай жумушка келет. Мисалы, "Замана" студиясынын жамаатын 20 жылдан бери ташып келе жаткан Улан Кусаев деген айдоочу байке бар. Таңкы эфирге чыкчулардын баарын ушул киши ташыган. Кышында жол тайгак болгон учурларда үйүнөн 4-5терде чыгат. Себеби режиссер шаардын тиги башында болсо, үн режиссер менен жарык берүүчү берки башында. Баарыбызды чогултуп таңкы саат алтыда ишке алып келет. Саат жетиде гриммердин жардамы менен койкоюп эфирге чыгып калабыз. Түз эфир үч саат болот. Бул аралыкта кызыктуу коноктор менен сүйлөшүп, кабарчылар даярдаган сюжеттерди берип, оюндарды ойнотобуз. 10.00дө эфир бүтөт, бирок үйгө кетип калбайбыз, башка кесиптештердей эле саат 18:00гө чейин иштемей. Эфир учурунда кээде чакырган коноктор келбей калат, алардын ордун башка маалыматтар менен толтуруу керек болот. Лампочка сынып кетип, жарык өчүп калып, айтор, ар кандай кырдаалдан чыгып кетүүгө алып баруучу даяр болушу керек.

© Sputnik / Табылды КадырбековАнара Бейшекеева: Чүй облусунун Кемин шаарчасында төрөлгөм. Атам өмүр бою ошол аймакта автобазада эмгектенип, ардактуу эс алууга чыкса, апам бүт жашоосун соодага арнаган адам. Үйдүн көкүрөк күчүгүмүн.
Ведущая утренней программы Замана на КТРК Анара Бейшекеева - Sputnik Кыргызстан
Анара Бейшекеева: Чүй облусунун Кемин шаарчасында төрөлгөм. Атам өмүр бою ошол аймакта автобазада эмгектенип, ардактуу эс алууга чыкса, апам бүт жашоосун соодага арнаган адам. Үйдүн көкүрөк күчүгүмүн.

Ата-энемдин көкүрөк күчүгүмүн

Чүй облусунун Кемин шаарчасында төрөлгөм. Атам өмүр бою ошол аймакта автобазада эмгектенип, ардактуу эс алууга чыкса, апам бүт жашоосун соодага арнаган адам. Үйдүн көкүрөк күчүгүмүн. Апамдын 40 жашында боюна бүтүп калып, "карыганда келин-кыздарың менен кошо төрөйсүңбү" деп жеригендер да болуптур. Бирок апам бойдон алдырбай, ичин таңып жүрүп кош бойлуу экени жети айында гана билиниптир. Аны уккан туугандар "кечке таңып жүрсөң, оңураак бала төрөлсө экен" деп сарсанаа болот. Апамдын айтымына караганда, чоң салмакта төрөлүптүрмүн. Энем азыркыга чейин "кырктын кырында ырас эле кыз төрөп алыптырмын" деп айтып калат. Үй-бүлөдө эки эркек, эки кызбыз. Байкелерим Кемин шаарчасында эле турат, улуу эжем болсо дарыгер. Негизи үйдөгүлөр мени да "дарыгер бол" деп жүрүштү. Бирок мектептен эле чыгармачылыкка жакын болчумун. Окууну аяктагандан кийин журналистикага тапшырып өтүп кеттим, ошону менен ушул кесипти аркалап келатам.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваАнара Бейшекеева: атам "кызым күйөөгө алыс кетпе, Таласка келин болбой эле койчу",- дей берчү. Бирок атамдын ою оңунан чыкпай, кудай буюруп Таласка келин болуп калдым. Азыр жолдошум атамдын эң сүйүктүү күйөө баласы.
Ведущая утренней программы Замана на КТРК Анара Бейшекеева - Sputnik Кыргызстан
Анара Бейшекеева: атам "кызым күйөөгө алыс кетпе, Таласка келин болбой эле койчу",- дей берчү. Бирок атамдын ою оңунан чыкпай, кудай буюруп Таласка келин болуп калдым. Азыр жолдошум атамдын эң сүйүктүү күйөө баласы.

Таластын келини, чек ара кызматкеринин жубайы

Апамдын улуу эжеси Таласка турмушка чыккан. Алыс болуп көп катташа албагандыктан атам "кызым күйөөгө алыс кетпе, Таласка келин болбой эле койчу",- дей берчү. Бирок атамдын ою оңунан чыкпай (күлүп), кудай буюруп Таласка келин болуп калдым. Азыр жолдошум атамдын эң сүйүктүү күйөө баласы. "Заманада" иштеп баштаганыма бир жыл болгондо болочок жолдошум менен тааныштым. Көрсө, ал таластык бөлөлөрүм аркылуу мен жөнүндө маалымат алып, эфирден көрүп жактырып калыптыр.

Автоунаанын тетиктерин такылдап айтып берген кыз. КТРК кабарчысы жөнүндө видео - Sputnik Кыргызстан
Эркектерди таң калтырды. Автоунаанын тетиктерин жатка билген кыздын видеосу
Таласка келин болуп барган жылдары бир аз кыйынчылыктар болгон. Себеби Чүйдө салт деле катуу кармалбайт эмеспи, ал эми Таласта дайыма жоолук салынып жүрүшүң керек, келин казандын башында деген принцип бар дегендей. Бирок кайнене, кайнатамдын жардамы менен тез эле көнүп кеткем.

Жолдошум менден алты жаш улуу, чек ара кызматкери болуп иштеп азыр ардактуу эс алууда. 14, 12 жана алты жаштагы кыздарыбыз бар. Улуу кызым экөөбүз чогуу жүрүп калсак, эже-сиңдисиңерби деп сурашат. Жолдошум болсо, Чалдыбар өткөрүү бекетинде көп жыл иштеди, андан соң "Манас" эл аралык аэропортунда кызмат кылып жүрүп, бир жылдай Шамалды-Сайда да кызмат өтөдү. Жалал-Абадга кеткен жылы мен кызымды жаңы төрөп бара алган жокмун. Бир жыл үч кызым менен жалгыз жашадым. Ортодо алыстык болсо, жубайлардын бири-бирине болгон сүйүүсү, мамилеси билинип, бекемделет экен. Ошол учурда аябай эле кыйналгам. Негизи эркектин өз орду болот эмеспи. Атабыз үйдө жок болсо жарык өчүп, лампочка жарылып же дагы бир нерсе болуп кетет, ал киши үйдө болсо төгөрөгүбүз төп болуп эле отуруп калабыз.

© Sputnik / Табылды КадырбековАнара Бейшекеева: Саясаттан алысмын, ошондуктан жаңылыктарга сунуштаса да, иштемек эмесмин. Бирок өзүмдү радио, гезит же маалымат сайттарында иштеп сынап көргүм келет.
Ведущая утренней программы Замана на КТРК Анара Бейшекеева - Sputnik Кыргызстан
Анара Бейшекеева: Саясаттан алысмын, ошондуктан жаңылыктарга сунуштаса да, иштемек эмесмин. Бирок өзүмдү радио, гезит же маалымат сайттарында иштеп сынап көргүм келет.

Радио же гезитте өзүмдү сынап көргүм келет

Апам айткандай, "дарак бир жерден көгөрөт" деп "Замана" студиясында 16 жылдан бери иштеп келе жатам. Жамаатка, жумушка көнүп алгандыктанбы, айтор, башка жакка кетким деле келбейт. Саясаттан алысмын, ошондуктан жаңылыктарга сунуштаса да, иштемек эмесмин. Бирок өзүмдү радио, гезит же маалымат сайттарында иштеп сынап көргүм келет. Анын үстүнө башында радио кызматкери болгум келчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0