Бишкектин бир катар көчөлөрү электр жарыгы менен камсыздалат

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүЭлектр эсептегичи. Архив
Электр эсептегичи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сөз Ак-Өргө жаңы конушу тууралуу болуп жатат. Конуштун бир катар көчөлөрүн жарык менен камсыз кылууга 2 миллион 888 миң сом каралган.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Мэриянын алдындагы капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Өргө жаңы конушунун бир катар көчөлөрүн жарык менен камсыз кылуу максатында тендер жарыялады. Бул тууралуу арыз Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

Көчөлөрдү жарык менен камсыз кылууга 2 миллион 888 миң сом каралган. Бул каражатка аталган конуштун Каркыра, Ак-Нур, Кара-Булак жана Гүл-Ордо көчөлөрүнө электр жарыгы коюлат.

Тендердин шартына ылайык, аванс сүйлөшүлгөн акчанын 10 пайызын түзөт. Калган каражат подрядчикке жумуш бүткөндө төлөнүп берилет. Арыздарды тапшыруу мөөнөтү 27-декабрда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0