Миллиондорду балкондогу капаска катчубуз. Дизайнер Расулованын маеги

Жазылуу
Дизайнер Мунара Расулова бала кезинен эле ишкерликтин көзүн тапкан. Мектепте окуп жүргөндө эле шырдак оюп, жүн сабап, кийиз жасап, жадагалса боз үйдүн чийлерин чырмап, акысына кунажын, тай тапкан учурлары болгон. Эми ал жетектеген Dolon style кийим дүкөнү менен ательесине төбөсү көрүнгөн адамдар баш багат.

30 жаштагы Расулова иште гана мыктылыгын көрсөтпөстөн үй-бүлөнү дагы чогуу алып кетип, төрт эркек баланы тарбиялоодо.

Ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек куруп, дизайнерликти аркалоонун сыры, кыйынчылыгы жана жемиши, ошондой эле жеке жашоо менен карьераны кантип айкалыштыруу керек экендигин айтып берди.

— Ата-энеңиз кол өнөрчүлүктү аздектеген адамдар экен, дизайнерликти аркалап калышыңызга сөзсүз алардын таасири болсо керек.

— Нарын районунун Миң-Булак айылынанмын. Кичинекей чакта элдин балдарындай көп ойногон жокпуз. Башкаларга кадимкидей суктанчубуз. Ата-энебиз бизди катуу кармады. Эки тараптын  тең теги уз адамдар болгон экен. Жыгач, темир устачылык менен алектенишкен. Чоң атабыз ээр чапчу, боз үйдүн ууктарын жасаган. Өзүмдүн апам кыргыздын кол өнөрчүлүгүн аздектеп, чеберчилик менен жасаган адам болгон. Бизге кийиз тептирип, жүн сабаттырчу, шырдак оюп, боз үйдүн канат чийлерин чырмачубуз. Жадагалса кошуналардыкын дагы жасап бергенбиз. Анда сиңдим экөөбүз 8-10-класста окусак керек. Мен мисалы, кошунамдын кичинекей кыздарына ишенип жумуш тапшырмак эмесмин деп ойлоп калам. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДизайнер Мунара Расулова 6 жылдан бери Dolon style кийим дүкөнү менен ательесин жетектейт
Дизайнер Мунара Расулова - Sputnik Кыргызстан
Дизайнер Мунара Расулова 6 жылдан бери Dolon style кийим дүкөнү менен ательесин жетектейт

— Колдон чыккан буюмдарды сатыкка койчу белеңер?

— Боз үйдүн чырмалган чийин бир ирет кунажынга, экинчисин тайга алмашканбыз. Чырмалган чийлерди бир ай дегенде араң бүтүрөсүң да. Андан сырткары, туулган күндөрдө акча коротпой, колго жумшак оюнчуктардан жасап алчубуз.

— Кол өнөрчүлүк көздүн майы менен колдун күчүн талап кылат, иштен тажаган учурларыңыз болобу?

— Негизи буйрутма алып пландаштырып иштейли дейбиз. Бирок кыргыздар эртең той дегенде келишет да. Анан түнү менен тигип бер деп шаштырышат. Үч ирет Көчмөндөрдүн дүйнөлүк  оюндарынын катышуучуларына кийим тиктик. Анда дагы аз убакыт калганда келишкен.

Жашыраак кезде кызыгуу менен иштечүбүз. Эсимде, бир жакка бараарда ата-энебиз берилген тапшырманы аткармайынча кое берчү эмес. Акыркы 3-4 жылдан бери өзүмдү чарчагандай сезем. Азыр айла жок, каражат табуу, ишти улантуу максатында иштеп жатабыз. Анткен менен чыгармачыл адамдын фантазиясы түгөнбөйт. 

© Фото / Жолдошбек ТоктосуновРасулованын колунан белгилүү өнөрпоздор кийинет. Сүрөттө ырчы айымдар Гүлзат Байзакова, Гүлбү Ороскул кызы, Салима Балтаева
Дизайн одежды дизайнера Мунары Расуловой - Sputnik Кыргызстан
Расулованын колунан белгилүү өнөрпоздор кийинет. Сүрөттө ырчы айымдар Гүлзат Байзакова, Гүлбү Ороскул кызы, Салима Балтаева

— Кийим-кечек студиясын кантип ачып калдыңыздар жана аталышы эмнеге "Долон"?

— Сиңдим экөөбүз эки башка кесиптин ээсибиз. Мен филолог, ал журналист. Экөөбүз тең кесибибиз менен иштеп көрдүк. Дос-туугандар адатынча кийимге буйрутма бергенин койбоду. Ишти баштоого эл себепчи болду. Студияны алты жыл мурда ачканбыз. Кийимдин бардык түрү тигилет. Улуттук колориттеги, классикалык, европалык, той-кече, үлпөт тойлорго жана башкага кийиле турчу кийимдер даярдалат. Командамда 15тей адам бар. Ишкананын асты дүкөн, үстү ателье.

Бала кезимде Долон ашуусундагы үйлөрдө жашаганбыз. Ошонун таасиринен улам кымыз жыттанган, абасы таза балалыкты эстеп Dolon style атап койгонбуз.

— Бардык ишкерлер сыяктуу насыя алган убактар болобу?

— Майда-барат карыздар болсо керек. Ири насыя алган жокпуз. Карызга баткандан, бирөөлөрдүн ортосуна кепил болгондон абдан сактанабыз. Ата-энебиз биз үчүн санааркап, "кыздарыбыз туура эмес иш кылып, эл караган бетибизди жер каратпаса экен" деп турушат. Сиңдим, иним менен кеңешип иш кылабыз. Идея бирөөбүзгө жакпай калса жасабайбыз. 

© Фото / Жолдошбек ТоктосуновДизайнер: даярдаган эмгектер өтө арзан, ошол эле учурда асмандаган баада сатылбайт
Дизайн одежды дизайнера Мунары Расуловой - Sputnik Кыргызстан
Дизайнер: даярдаган эмгектер өтө арзан, ошол эле учурда асмандаган баада сатылбайт

— Ишти баштоодо биринчи инвестиция керек, андан кийин өзүн актайт деп айтылат. Сиздер канча каражат менен ишкерликти баштагансыздар?

Основатель дома моды DILBAR Дильбар Ашимбаева - Sputnik Кыргызстан
Дилбар Ашимбаева: Раиса Атамбаева сындуу болгондуктан кийим тандоо оор эмес
— Сиңдим Анара экөөбүз 10 эле миң сом менен иш баштаганбыз. Бирок ошол 10 миң сомдун өзүнчө тарыхы бар. Мындан 5-6 жыл мурда мектептер бирдиктүү формага өтүп баштаган. Жалпысынан республика боюнча 1,5 миллион окуучуну 25 ишкана кийинтмек. Сиңдим менен Нарын жана Ат-Башы райондорунун окуучуларына тигип бермей болдук. Бизде каражат жок болгондуктан алгач мектептерден форманын жарым акчасын чогултуп алууну эп көрдүк. Каражат мугалимдерден 30, 50, 70 миңден карточка аркылуу келип турду. Банкоматтан чыгарып жатканда абдан коркчубуз. Үйгө келгенде балкондогу көгүчкөн кармаган капаска акча менен документтерди катып койчубуз. Эң эле коркконубуз ушул иш болду. Ата-энебиз да абдан санаа тартыптыр. Жыйынтыгында 1 миллион 700 миң сомго 9 миңдей форма тигип берип, милдеттен кутулгандан кийин "өө-хх" дедик. Сый акыга жакшы эле акча алганбыз. Бир жылдай эс алып, конокко барып, ичип-жеп жүрө бердик. Акыры 10 сиң сом калганда сиңдим экөөбүз "ойгонуп", базардан индия кездемелерин сатып алып иш баштадык. Кудайга шүгүр, кардарлар чогулуп ишибиз өрүш алып кетти.

— Студиядагы эң кымбат жана эң арзан кийим кайсы?

— Жоолук шарфтар 800-1500 сомго чейин болот. Концерттик костюмдар 30-40 миңге чейин барат. Даярдаган эмгектер өтө арзан, ошол эле учурда асмандаган баада сатылбайт. 

© Фото / Жолдошбек ТоктосуновРасулова: кесиптин эң мыкты адиси болуудан мурда бийик адамдык сапатка ээ болуу керек. Кардарлар биз менен иштешүү жеңил экендигин айтышат. Ар бир кардардын тилин тапканга аракет кылабыз.
Дизайн одежды дизайнера Мунары Расуловой - Sputnik Кыргызстан
Расулова: кесиптин эң мыкты адиси болуудан мурда бийик адамдык сапатка ээ болуу керек. Кардарлар биз менен иштешүү жеңил экендигин айтышат. Ар бир кардардын тилин тапканга аракет кылабыз.

— Карьераңыздардагы эң кымбат көйнөк кайсы болду?

— Ал бир эле жолу болду. Ош тараптан бир айым тойго деп 800-900 долларга тиктирип кеткен. Ал эми комплект кийимдер 1,5 миң долларга чейин даярдалат.

— Социалдык тармактан көбүнчө белгилүү өнөрпоздорго тигип бергениңизди көрүп калабыз.

— Манасчы Ширин Сарыгулованын көп костюму бизге таандык. Анын стили бөтөнчө. "Эл ырчысы Эстебес" тобуна, атактуу комузчу Самара Токтакуновага тигип бергенбиз. Санап отурсак, арбын.

— Азыр мекемелердин формалары тендер аркылуу тигилип калбадыбы, аны утуп чыгууда кыйынчылыктар барбы?

— Кайсы бир кесип ээлеринин жалпы формаларын тигип жүрөбүз. Айрым комиссия мүчөлөрү акчага карап, арзаныраак кызматты тандашат. Алар сенин кездемеңдин сапатын да билишпейт. Кийим даяр болгондо нааразычылыктар жаралышы ыктымал. Тендерди утуп чыгуу оңой эмес, күчтүү дизайнерлер катышат. Биз алты жолу катышып, төрт ирет утуп алганбыз. 

© Фото / Жолдошбек ТоктосуновРасулова: ишкананы кеңейтип, окутуу борборун ачкым келет
Дизайн одежды дизайнера Мунары Расуловой - Sputnik Кыргызстан
Расулова: ишкананы кеңейтип, окутуу борборун ачкым келет

— Азыр дизайнерлерден уучубуз куру эмес, атаандаштыкка кантип туруштук берсе болот?

— Кесиптин эң мыкты адиси болуудан мурда бийик адамдык сапатка ээ болуу керек. Бизден кыйын дизайнерлер арбын. Биз да башкалардын жумушуна суктанабыз. Анткен менен кардарлар биз менен иштешүү жеңил экендигин айтышат. Ар бир кардардын тилин тапканга аракет кылабыз.

— Сыр болбосо, бир айлык кирешеңиздер тууралуу айтып бересизби?

Общественный деятель, актриса Айжан Акылбекова - Sputnik Кыргызстан
Айжан Акылбекова: тилекке каршы, үч уулум тең саясатка кызыгат
— Мен ар дайым чет мамлекетке чыкпай мекениңде эле оокат кылса болот деп айтып келем. Дизайнерликти аркаласаң, көчөдө калбайсың. Азыр той кечелерге элдин баары кийимди тиктирип кийип калган. Так кирешени айта албайм, ар айда ар кандай. Бизде деле январь айы кризис болот. Күркүрөгөн күздө молчулук, жадыраган жазда жаңыланам дегендер көп. Тапканды командам менен бөлүшүп, айлык акы, ижара, кездеменин баасы сыяктуу нерселерге жумшайм.

Кийимдерибизди Америкага, Россияга жана Түркияга экспорт кылып жатабыз. Жеке адамдар тарабынан чет мамлекетке келип кетүүгө чакыруулар көп болот, бирок балдарыбыз кичинекей.

Ишкананы кеңейтип, окутуу борборун ачкым келет. Буга ашыкканымдын да бир себеби бар. Бизге практикага келген кыздар "сүрөт тартканды эле билебиз" деп келишет. Аларды жумушка алуу үчүн башынан окутуп, үйрөтүүгө туура келет. 

© Фото / Жолдошбек ТоктосуновМунара Расулова: жолдошум сабырдуу, токтоо адам. Ар дайым бири-бирибизди колдоп келебиз
Дизайнер Мунара Расулова - Sputnik Кыргызстан
Мунара Расулова: жолдошум сабырдуу, токтоо адам. Ар дайым бири-бирибизди колдоп келебиз

— Кесиптешимдин Facebook баракчасындагы "25 жашка чейин ким эмнеге жетишти" деген постунун алдында сиздин "Турмуш куруп, 4 балалуу болуп, бир ишкананы жетектеп калгам" деген жообуңузду окугам. Канткенде жумуш менен жеке жашоону бирдей алып кетүүгө болот?

Белгилүү стилист-дизайнер Замира Молдошева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Бүтүндөй командам сызга отургузуп кеткен. Дизайнер Замира Молдошева менен маек
— 19 жашымда эле турмушка чыккам. Мени жолдошум карыган чоң апасын багам деп эле ала качып алыптыр. Ал чоң апасы үчүн айылга кетип, мен шаарда кайын журтум менен калдым. 24 жашымда төрт эркек балалуу болдум. Акыркысы эгиз. Эки баланы эки бешикке бөлөп коюп, түймө түйүп, реставрация менен алектендим. Бир-эки бала менен үйдө отуруп калып депрессияга түшкөн кыз-келиндерди көп эле көрөм. Кайын журт бардыгыбызда эле бар. Сөзсүз бир нерсе менен алектенүү керек. Күйөөсүн күтүп чуу чыгарып отуруунун кажети жок. Бардыгын чогуу алып кеткен жакшы. Балдар биринин аркасынан бири чоңоет.

— Жолдошуңуз эмне иш кылат?

— Мамлекеттик кызматта иштеген. Эки жылдан бери менин жумушума жардам берип келет. Жолдошум сабырдуу, токтоо адам. Ар дайым бири-бирибизди колдоп келебиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0