Балага жаңы жылдык белекти кантип тандоо керек? Адистин кеңеши

Жазылуу
Көпчүлүк ата-энелер бул майрамда балдарына оюнчук жана таттуу-тарапа белек кылганды туура көрүшөт.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Балага жаңы жылдык белек даярдоодо ата-энелер эмнеге көңүл бурушу керектигин Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы коомдун саламаттыгы департаментинин адиси Рабига Айтжанова Sputnik Казакстан агенттигине айтып берди. 

Анын пикиринде, көпчүлүк ата-энелер бул майрамда балдарына оюнчук жана таттуу-тарапа белек кылганды туура көрүшөт.

"Албетте, ар бир ата-эне баласына жагымдуу маанай тартуулап, оюндагысын аткаргысы келет. Муну менен катар майрам алдындагы шаң менен байкабастан, кооз, өңү ачык таттууларды алып алышы ыктымал. Бирок кооз нерселер дайыма эле ден соолукка пайдалуу боло бербейт. Андыктан ичине мармелад сындуу балдарга пайдалуу момпосуйларды алып, таңгагын гана кооз кылып койсо болот", — деди адис.

Ал эми оюнчук тандоодо жагымсыз жыты бар, үнү ачуу чыккан жана өңү көздү талыткандардан оолак болуу сунушталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0