Далай-ламага белек берген. Жазуучу Казат Акматов тууралуу 8 факты

© Фото / Абдыкерим МуратовНародный писатель Казат Акматов
Народный писатель Казат Акматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыздан чыккан залкар инсандардын бири болгон белгилүү драматург, сценарист, жазуучу Казат Акматовдун көзү тирүү болгондо бүгүн 77 жашка чыкмак. Кыргыз Эл жазуучусу кийинки муунга маданий мурас калтырып тим болбостон, эркин келечекти да тартуулагандардын бири болгон.

Ал Кыргызстан эми гана өз эркиндигине карай бет алган 1990-жылы "Кыргызстан" Демократиялык Кыймылын түптөп, өлкөнүн көз карандысыздыгы үчүн опол тоодой салым кошкон.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бир нече прозалык чыгармалардын, театралдык көрсөтүүлөрдүн, киносценарийлердин автору, жазуучу, саясатчы жана коомдук ишмер Казат Акматов тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Французский писатель Луи Арагон - Sputnik Кыргызстан
"Жамийладан" өз тагдырын көргөн Луи Арагон тууралуу 9 факты
Согуш түрткү болгон ысым. Казат Акматов 1941-жылы 23-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районундагы Бостери айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Акмат ошол эле 1941-жылы уулу төрөлгөндөн бир нече айдан кийин согушка аттанат. Болочоктогу жазуучуга Казат ысымынын берилүүүсүнө мына ушул кандуу согуш түрткү болот. Ымыркайды бир жыттап гана фронтко кете берген Акмат жоодон кайтпай калган.

Жылкы заводунан журналистикке. Атасыз өскөн Казат Акматов мектепти аяктаган соң эмгек жолун 1958-жылы Ысык-Көл районундагы жылкы заводунан баштайт. Ал жерде бир канча жыл иштеген соң коммунисттик партиянын чоңдору дээринде бар жигитти байкашып өз курамына кошушкан. 1964-жылдан тарта комсомолдук иштерге аралашат. Лидерлик сапатка ээ, курч сөздүү тайманбас жигит 1967-жылы комсомолдун райондук комитетинин биринчи секретары болуп дайындалат. Ошол эле кезде Акматов билимин өркүндөтүүнү чечип, 1966-жылы Москвадагы ВЛКСМ Борбордук Комитетинин алдындагы Жогорку комсомол мектебин, андан соң 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн аяктайт. Окуу жайды бүтүргөн соң Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, аскердик гезиттин кабарчылыгын аркалап, калемин курчута баштайт. 1974-жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетине инструктор болуп кирет. Комитетте 1983-жылга чейин иштеп, бул убакыт аралыгында сектор башчысы, бөлүм башчынын орун басарына чейин жогорулайт. Андан соң үч жыл Кыргызстан мамлекеттик телерадио комитетинин улук редактору болуп эмгектенет. 1986-жылдан тарта төрт жыл Кыргызстан Жазуучулар союзу башкармалыгынын биринчи катчысы болот. 

© Абдыкерим МуратовКыргыздан чыккан залкар инсандардын бири болгон белгилүү драматург, сценарист, жазуучу Казат Акматов
Народный писатель Казат Акматов - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздан чыккан залкар инсандардын бири болгон белгилүү драматург, сценарист, жазуучу Казат Акматов

Эгемен Кыргызстандын түптөөчүлөрүнүн бири. Казат Акматов кыргыз демократиясынын сап башында турган инсандардын бири болгон. 1990-жылы "Кыргызстан" демократиялык кыймылын (КДК) уюштуруп, үч жыл анын тең төрагалыгын аркалайт. Кыймыл эгемен Кыргызстандын пайда болуусундагы эң негизги күчтөрдүн бири эле. Акматов 1990-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда Советтер Союзу али таркай элек болчу. Эл өкүлү ошол кезде алгачкылардан болуп коммунисттик режимге ачык каршы чыгып, Москвадан Кыргызстандын эгемендигин талап кылган. Айтылуу "легендарлуу парламенттин" мүчөсү болуп турган кезинде мамлекеттик символдор боюнча комиссиянын төрагасы болгон. Эгемендүү Кыргызстандын алгачкы он жылында президенттик кеңештин мүчөсү, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, президенттин алдындагы басма сөз маселелери боюнча коомдук палатанын башчысы, Кыргыз тили фондусунун жетекчиси сыяктуу кызматтарда иш алып барган. Казат Акматов ар дайым чындыкты бетке айткан, өз принцибинен тайбаган калыс саясатчы экендигин белгилеп келишет. Бирок кесиптештери дал ушул мүнөздөрүнөн улам саясий карьерасында көптөгөн тоскоолдуктарга кептелгенин айтышты.

Народный артист КР Асанбек Умуралиев - Sputnik Кыргызстан
Бурят кызга үйлөнүп... Арсен эмес, Асанбек Өмүралиев тууралуу 6 факты
Системага каршы чыккан жазуучу. Казат Акматов чыгармачылыкка 1972-жылы аттанат. Бул жааттагы алгачкы эмгек жолун "Кыргызстан" басмаканасында ага редактор, башкы редакторго орун басар болуудан баштайт. 1974-жылы жаш жазуучунун алгачкы "Боз улан" аңгемелер жыйнагы жарыкка чыгып, аты эл оозуна алынат. Ошол эле жылы СССР жазуучулар союзунун мүчөсү болот. Акматов өз эмгектеринде адам менен мезгил арасындагы түркүн карым-катнаштарды өтө таасирдүү сүрөттөгөн. Анын жазгандары ар дайым окуялардын курчтугу, драмалык татаалдыгы, адам эркиндигине карата жасалган басымы менен айырмаланган. "Мезгил, "Мунабия", "Күндү айланган жылдар", "Архат" романдары, "Ыйык журт", "Окуялар, адамдар", "Ак жол, көк асман" жыйнактары кыргыз адабиятындагы эң көрүнүктүү эмгектердин катарын толуктайт. Бирок ошол эле учурда Акматов союз мезгилинде чыгармалары, акыйкат сөздөрү үчүнү "улутчул жазуучу" катары кодуланып келген. 1979-жылы чыккан "Мезгил" романы Кыргызстан Компартиясынын жетекчилиги тарабынан катуу сынга кабылган. Реализм түрүндө жазылган роман кыргыз элинин турмушун эч кооздобой, чыныгы жүзүн көргөзгөндүгү үчүн жазуучу бийлик өкүлдөрү жана басма сөз каражаттары тарабынан адилетсиз каралоого кабылган. Жазуучунун акыркы чыгармаларынын бири болгон "Эрика Клаустун 13 кадамы" 2013-жылы Лондон шаарында англис тилинде жарык көргөн.

Экран жана сахнадагы чыгармалары. Казат Акматов чыгармачылык жылдарында прозалык чыгармалар менен гана чектелбестен бир нече спектакль, көркөм жана даректүү тасмалардын сценарийин да жазган. Анын калемине таандык "Жаралуу үчүн өлүм", "Ак үйүр" сыяктуу тасмалар жарыкка чыккан. Жазуучунун чыгармалары эгемен Кыргызстанда да актуалдуулугун жоготкон эмес. Үстүбүздөгү жылы "Мунабия" романынын негизинде режиссер Таалайбек Кулмендеевдин тарткан фильми бир топ ийгиликтерди жаратты. Айта кетсек, Россияда өткөн "Киношок" кинофестивалында баш байгеге жана "Мыкты сценарий" сыйлыгына татыды. Аны менен бирге эле "Ажырашуу", "Авария", Жаныш Кулмамбетов менен биргелешип жазылган "Мунабия" пьесалары кыргыз сахналарында бир нече жолу коюлган.

Карачечекей кызынан айрылган. Казат Акматов өмүрүнүн аягында өтө оор окуяга туш келет. Жазуучунун кызы Мунабия 2012-жылы жол кырсыгына кабылат. Оор жүк ташуучу унаа сүзүп каза болгон карачечекей кызы болгону 17 жашта эле. Бул кайгылуу окуя жазуучу үчүн өтө чоң сокку болот. Катуу кайгыга баткан коомдук ишмердин ден соолугу начарлай баштайт. Оорусу узакка созулуп, 2015-жылы 14-сентябрда жарык дүйнө менен кош айтышат. Сөөгү өзүнүн керээзине ылайык, Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылынын түндүгүндөгү көрүстөндө маркум кызынын жанында жерге берилди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКазат Акматов 2015-жылы 14-сентябрда жарык дүйнө менен кош айтышкан
Панихида по писателю Казату Акматову - Sputnik Кыргызстан
Казат Акматов 2015-жылы 14-сентябрда жарык дүйнө менен кош айтышкан

Далай-ламага белек берген. Казат Акматов 2011-жылы тибет буддисттеринин руханий лидери Далай-ламага өзгөчө белек берген. Жазуучунун айтымында, ал 2000-жылдардын башында Тянь-Шань тоолорунда Тибет автономдук өлкөсүнүн силуэти түшүрүлгөн көгүлтүр түстөгү таш таап алган. Ошондон бери бул ташты Далай-ламага берүүнү кыялданып келген. Максатына он жылдан кийин гана жетип, Индияда өткөн бүткүл дүйнөлүк буддисттер конференциясында Далай-ламага белегин тапшырган. 

Кыргызстандын желеги көтөргөн жоокерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тоталитаризмден парламентаризмге... Эгемендиктин 27 жылдык сабагы
Эл Баатыры "болбой" калган жазуучу. 2015-жылы май айында КДКнын 25 жылдык тарыхы белгиленгенип, жазуучуга Баатыр наамын берүү чечими кабыл алынып, бул чечимди Кыргызстан жазуучулар союзунун президиуму дагы бир добуштан колдогон. Бирок чечим кечиктирилип, Казат Акматов көзү тирүү кезинде наамга жетпей калды. Ага чейин "Манас-1000" юбилейлик медалы, Кыргызстандын Токтогул атындагы мамлекеттик жана "Эки сап өмүр" повести үчүн алган Бүткүл союздук Николай Островский атындагы адабият сыйлыктары берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0