Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековГосударственный природный парк Ала-Арча
Государственный природный парк Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө —3…+2 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2…+7, Ысык-Көлдө —3…+2, Нарын аймагында —5…-10 градус суук болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Бишкекте күндүн табы —1…+1, Ош шаарында +5…+7 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0