Министрлик 31-декабрь иш күн экенин эскертет

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы шаар тургундары. Архив
Ала-Тоо аянтындагы шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбү күнү жаңы токтомго кол коюлган.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 31-декабрь Кыргызстанда иш күн болорун эскертет.

Сильный снегопад в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Январда аба ырайы былтыркыдан өзгөчө болот. Синоптиктердин божомолу
Мекеменин маалыматына ылайык, 29-декабрь (ишемби) 30-декабрдагыдай эле эс алуу күн болот.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 28-февралында премьер-министрдин токтому чыгып, анда 31-декабрь жана 2019-жылдын 1-2-январы эс алуу күндөрү деп жарыяланган.

Дүйшөмбү күнү жаңы токтомго кол коюлуп, ага ылайык кыргызстандыктар 1-январдан баштап катары менен жети күн, 8-январга чейин эс алмай болду.

2019-жылы кайсы күндөр эс алууга жана майрамга туш келерин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган календардан билип алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0