БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык-консультациялык борбору вакансиялар жарманкесин өткөрөт. Бул туурасында аталган ведомстводон билдиришти.
Анын алкагында кыргызстандыктарды чет мамлекетке жөнөтүп жумушка орноштуруу боюнча мамлекеттик жана жеке менчик агенттиктердин кызматтары тууралуу маалымат берилет.
"Бул жарманке жумуш берүүчүлөр менен жаш адистерге, студенттерге жана чет өлкөдө иштөөнү каалаган жарандарга чоң мүмкүнчүлүк болмокчу. Алар бири-бири менен пикир алышып, кызматтар тууралуу кенен тааныша алат", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, билим берүү боюнча да жарманке уюштурулуп, адистер учурдун суроо талабы болуп жаткан кесиптер жана чет өлкөдө окуу программалары тууралуу айтып беришет.
Иш-чара Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусунда 25-декабрь күнү саат 10.00дө башталат.