Беш миң доллар уткуң келеби? Кыргызстанга туристтик ураан ойлоп тап

© Sputnik / Михаил ДудинЫсык-Көл. Архив
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынак өткөрүлүп жаткан сайтка азыртан эле миңге жакын ураан жарыяланды.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Жай мезгилинде өлкөнүн туристтик урааны боюнча жарыяланган сынак дагы деле уланууда. Анын байге фондусу 5 миң долларды түзөрүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Ведомстводон билдиришкендей, көптөгөн мамлекеттер туристтердин эсинде калып, өзүнө тарта турган кыска-нуска ураан же эн тамгаларды колдонот.

Бишкекте коомдук транспортту эң креативдүү кооздогон айдоочулар арасында сынак жарыяланды - Sputnik Кыргызстан
Унаасын креативдүү кооздогон коомдук транспорттун айдоочулары сыйлык алат
Уюштуруучулардын максаты — бир укканда эле Кыргызстанды элестеткен уникалдуу ураан табуу. Кийин аны бардык туристтик агенттиктер колдоно алат.

Жеңүүчү 2019-жылдын 31-мартында аныкталмакчы.

Сынакка катышууну каалагандар уюштуруучулардын сайтына катталып, шарты менен таанышып алса болот.

Сайтка азыр кыргыз, орус жана англис тилиндеги миңге жакын ураан жарыяланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0