Көл: балдардын реабилитациялык борборунун 26га бөлүнүп сатылган жери кайтарылды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКурулуш иштери. Архив
Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2,7 гектар жердин азыркы базар баасы 37 миллион 692 миң сомду түзөт.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Ысык-Көл районундагы балдардын "Ден соолук" медико-реабилитациялык комплексинин жери мамлекетке кайтарып берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Строительные работы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Мэрия: Бишкектин четиндеги парк ичинде көп кабаттуу үй курулууда
Текшерүү учурунда 2000-жылдын декабрында Чолпон-Ата шаары менен Ысык-Көл мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү "Ден соолук" комплексинин 2,7 гектар жерин У.А. аттуу жаранга жасалма документтин негизинде берген. Ал өз кезегинде жерди 26 тилкеге бөлүп, башкаларга сатып жиберген. Андыктан Ысык-Көл районунун прокуратурасы жогорудагы документти жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылып, арыз 2018-жылдын 12-мартында канааттандырылган.

Ал эми 2018-жылдын 30-ноябрында аталган жерди мамлекеттин балансына алуу үчүн Ысык-Көл райондук администрациясынын башчысына маалымдама берилген. 2,7 гектар жердин азыркы базар баасы 37 миллион 692 миң сомду түзөт.

Учурда аталган жер тилкеси толугу менен мамлекеттин карамагына өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0