БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Бишкек — Ош унаа жолунун айрым аймактары реконструкцияланып жатканы боюнча айдоочуларга кулак кагыш кылат.
Оңдоо иштери 15,9-19,8-чакырымдарындагы Маловодное стационардык постунда, 15,9-19,8-чакырымдарындагы Петровка айылында, 54,2-59,35-чакырымдарындагы Полтавка айылдарында жүрүп жатат.
Буга байланыштуу айдоочуларды ылдамдыкты сактап, каршы тилкеге чыкпай, жол эрежелерине кылдат маани берүүгө чакырат.
Унаа тыгыны жаралган учурда Гавриловка, Петровка жана Полтавка айылдарына жакын айланма жолдор бар экенин эскертет.