Камактагы табып Зайналиевдин бейтаптары эмне болот? Министрликтин жообу

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүБейтап. Архив
Бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмчи алдамчылыкка шектелип кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга киргизилген.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Алдамчылыкка шектелип кармалган табып Хашим Зайналиевдин бейтаптарын бир Тез жардам бригадасы бир онколог менен көзөмөлдөп турат. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, табыптын клиникасында 17 бейтап дарыланып жаткан. Жекшемби күнү саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев менен Онкология жана гематология улуттук борборунун директору Эрнис Тилеков барып, алардан кабар алып келген. Бейтаптарды эгер муктаждык жаралса, ооруканага жатып дарыланууга чакырган. Бирок дарыланып жаткандар макул болбогону айтылат.

Эрнис Тилеков бүгүнкү күнгө чейин Зайналиевдин клиникасынан оорулуулар келип түшпөгөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Биз барып бейтаптар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аракет кылдык. Бирок эмнегедир көңүлдөнбөй коюшту. Учурда нөөмөтчүлөрдү даярдап койдук, зарыл болсо дарыгерлерди жөнөтөбүз. Эгер биздин ооруканага келебиз дешсе орундар бар, күнү-түнү кабыл алууга даярбыз", — деди Онкология борборунун директору.

Белгилей кетсек, табып Хашим Зайналиев алдамчылыкка шектелип кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга киргизилген.

Шприц. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Эмчи Зайналиев дарылаган наристе оор абалда. Министрлик күч органдарына кайрылат
Милициянын билдиришинче, ушул жылдын 20-декабрында эркек киши милицияга кайрылып, 2016-жылдын апрелинде кайненесин Зайналиевдин клиникасына жаткырганын айткан. Анда табып бейтап аялды лицензияланбаган каражаттар менен дарылап жакшы болуп кетерин убадалаган. Бирок эки айдай дарыланып чыккандан кийин абалы начарлап, аял каза болуп калган. Табып бейтаптын жакындарынын ишеничине кирип 100 миң сомдой акчасын алган деп айтылууда.

Мындан улам 166-берене ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголуп, 22-декабрда эмчи кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0