Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги Нарын коругуна жана Чоң-Кемин жаратылыш паркына коюлган фотокапканга түшкөн кадрларды жарыялады

Буларды күнүгө көрө бербейбиз. Фотокапканга түшкөн Кыргызстандагы жаныбарлар

1008
(жаңыланган 13:15 26.12.2018)
Соңку учурда жапайы айбанаттарды жана канаттууларды коргоо иштери жакшы натыйжа берип жатканы белгиленет.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги Нарын коругуна жана Чоң-Кемин жаратылыш паркына коюлган фотокапканга түшкөн кадрларды жарыялады.

  • Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги Нарын коругуна жана Чоң-Кемин жаратылыш паркына коюлган фотокапканга түшкөн кадрларды жарыялады
    Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги Нарын коругуна жана Чоң-Кемин жаратылыш паркына коюлган фотокапканга түшкөн кадрларды жарыялады
    © Фото / пресс-служба ГАООСиЛХ
  • Нарын мамлекеттик коругунун аянты 105,5 миң гектарды түзөт
    Нарын мамлекеттик коругунун аянты 105,5 миң гектарды түзөт
    © Фото / пресс-служба ГАООСиЛХ
  • Ал жактан сүт эмүүчү жаныбарлардын 26 түрү, канаттуулардын 104 түрү, балыктардын беш түрү, сойлоп жүрүүчүлөрдүн төрт түрү жана башка кургакта жашоочу жаныбарлар бар
    Ал жактан сүт эмүүчү жаныбарлардын 26 түрү, канаттуулардын 104 түрү, балыктардын беш түрү, сойлоп жүрүүчүлөрдүн төрт түрү жана башка кургакта жашоочу жаныбарлар бар
    © Фото / пресс-служба ГАООСиЛХ
  • Ал эми Чоң-Кемин паркынын жалпы аянты 124 миң гектар
    Ал эми Чоң-Кемин паркынын жалпы аянты 124 миң гектар
    © Фото / пресс-служба ГАООСиЛХ
  • Анын ичин чанда кездешчү жаныбарлардын 45 жана канаттуулардын 120дан ашык түрү байырлайт
    Анын ичин чанда кездешчү жаныбарлардын 45 жана канаттуулардын 120дан ашык түрү байырлайт
    © Фото / пресс-служба ГАООСиЛХ
  • Ведомство жапайы айбанаттарды жана канаттууларды коргоо иштери жакшы натыйжа берип жатканын белгилейт
    Ведомство жапайы айбанаттарды жана канаттууларды коргоо иштери жакшы натыйжа берип жатканын белгилейт
    © Фото / пресс-служба ГАООСиЛХ
  • Ведомствонун кызматкерлери жергиликтүү калкка айлана-чөйрөнү коргоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ошондой эле айбанаттарга көз салып каттоого алып турушат.
    Ведомствонун кызматкерлери жергиликтүү калкка айлана-чөйрөнү коргоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ошондой эле айбанаттарга көз салып каттоого алып турушат.
    © Фото / пресс-служба ГАООСиЛХ
1 / 7
© Фото / пресс-служба ГАООСиЛХ
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги Нарын коругуна жана Чоң-Кемин жаратылыш паркына коюлган фотокапканга түшкөн кадрларды жарыялады

Нарын мамлекеттик коругунун аянты 105,5 миң гектарды түзөт. Ал жактан сүт эмүүчү жаныбарлардын 26 түрү, канаттуулардын 104 түрү, балыктардын беш түрү, сойлоп жүрүүчүлөрдүн төрт түрү жана башка кургакта жашоочу жаныбарлар бар.

Ал эми Чоң-Кемин паркынын жалпы аянты 124 миң гектар. Анын ичин чанда кездешчү жаныбарлардын 45 жана канаттуулардын 120дан ашык түрү байырлайт.

Ведомство жапайы айбанаттарды жана канаттууларды коргоо иштери жакшы натыйжа берип жатканын белгилейт.

"Мурда жаныбарларды кезиктирүү абдан кыйын болчу. Мисалга ак илбирсти айтсак болот. Алар 15 жыл мурун жоголуп кетүү коркунучунда турган. Азыр кырдаал жөнгө салынып жатат деп сыймыктануу менен айта алабыз", — делет агенттиктин маалыматында.

Ведомствонун кызматкерлери жергиликтүү калкка айлана-чөйрөнү коргоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ошондой эле айбанаттарга көз салып каттоого алып турушат.

1008
Белгилер:
парк, фотокапкан, канаттуулар, жаныбарлар, Чоң-Кемин, Нарын облусу
Тема боюнча
Өлкөдө жапайы жаныбарлар көбөйүүдө. Фотокапканга түшкөн сүрөттөр
Эңилчектеги фотокапканга үч мамалагын ээрчиткен аюу түшүп калды. Сүрөттөр
Телмире тиктеген ак илбирс. Ысык-Көлдөгү фотокапканга түшкөн жапайы жаныбарлар
Тоолуу Маевка айылына жакын унаа жолу

Шейшембиге карата аба ырайы

39
(жаңыланган 21:11 06.07.2020)
Түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу өрөөндөргө кар түшөт.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. 7-июль, шейшемби күнү, өлкө аймагы боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге дейре жетет.

Абанын температурасы Чүйдө+28…+33, Таласта +26…+31, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +30…+35 жана Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +22…+27 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында күндүн табы +30…+32, Ош калаасында +33…+35 градуска дейре көтөрүлсө, Чолпон-Атада термометрдин көрсөткүчү +23…+25 градуска чейин жетет.

39
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Алдыда аптаптуу ысык болбойбу? Бир жумага карата аба ырайы
Почтада посылкалар. Архив

Бишкекте почта түйүндөрү бир жума иштебейт

93
(жаңыланган 20:03 06.07.2020)
Бишкек шаарындагы почталар 13-июлдан тарта иштеп баштайт. Ушул эле күнү социалдык төлөмдөрдү жеткирүү да башталат.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. "Кыргыз почтасы" ишканасынын Бишкектеги бөлүмдөрү калаада вирустук инфекцияны жайылтып жиберүүнүн алдын алуу максатында 7-13-июль күндөрү профилактика иштерине жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Абалдын кескин курчуп кетишинен улам аталган ишкананын филиалы болгон "Бишкек почтамт" бир апта бою өз бөлүмдөрүндө санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларды өткөрөт", —  деп айтылат таратылган кабарда.

Каттоо кызматынын Архив агенттиги карантинге жабылды

Ал эми 13-июлдан тарта Бишкек шаарындагы почталар иштеп, ушул эле күнү социалдык төлөмдөрдү жеткирүү да башталат.

"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы почта түйүндөрүндө төмөнкү эрежелерди сактоону өтүнөт:

  • Почта бөлүмүнүн имаратынын ичине аз сандагы кишилер кириши керек жана 1,5 метр бири-биринен обочо турушу шарт. Калгандары коопсуздук үчүн көчөдө күтүп турат;
  • Бөлүмдө жана анын жанында жарандар 1,5 метрлик аралыкты сактап турушу керек;
  • Почтага кирер алдында бет кап кийгенди унутпагыла. Эгерде ансыз келсеңиз, ичине кире албайсыз;
  • "Кыргыз почтасы" ишканасы азыркы абалдан улам бардык түйүндөрүндө келгендерге ыңгайлуу жана коопсуз шарт түзүп бергенге аракет кылат.
93
Белгилер:
почта, коронавирус, эпидемия, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыйын кырдаалдан кантип чыгабыз? Жээнбеков берген тапшырмалардын тизмеси
Баткен облусунда Исфана — Сулюкта жолунда тоолор. Архив

Сүлүктүдө жер көчүп, автоунаа жолун тосуп калды. Видео

65
(жаңыланган 23:33 06.07.2020)
Жолду тазалоо үчүн бир жүктөгүч, эки самосвал тартылып, бир тараптуу ачылган. Тазалоо иши эртең дагы улантылат.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жер көчүп, автоунаа каттаган чоң жолду тосуп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, бүгүн саат 17:40 чамасында Кызыл-Бел тилкесинде болжол менен 1000 метр куб жер сүрүлүп, жолду бөгөп салган. Жабыркаган адамдар жок.

Бир үй-бүлөдөн эле... Сүлүктү шахтасындагы төрт кишинин өлүмүнүн чоо-жайы

Жолду тазалоо үчүн Кытайдын жол куруучу компаниясынан бир жүктөгүч, эки самосвал тартылып, бир тараптуу ачылган. Кеч киргендигине байланыштуу саат 20:20да тазалоо иш-чаралары убактылуу токтотулган. Иштин эртең дагы улантылары айтылат.

65
Белгилер:
тазалоо, жол тосуу, автоунаа, Жер көчкү
Тема боюнча
Адам өмүрүн эмес, сөөгүн сактап калган учурлар болот. Куткаруучунун маеги
Жыл башынан бери 35 адам сууга чөктү. Өкмөт коңгуроо кагууда