БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы бирдиктүү реестр түзүү үчүн банктагы эсеп жана ячейка ээлери тууралуу банктан маалымат алуу талабынан баш тартты. Бул туурасында аталган ведомствонун статс-катчысы Чыңгыз Кененбаев билдирди.
Буга чейин Финчалгындоо кызматы сунуш эл аралык уюмдардын талабы экенин түшүндүрүп, анын максаты кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы туруу экенин айткан.
"Ооба, бул сурамды кайра артка чакыртып алдык. Мурункудай эле система болот", — деди Кененбаев.
Ошондой эле ал кийинки жылы коммерциялык банктар менен жолугушуу өткөрүү пландалып жатканын кошумчалады.
Улуттук банктан билдиришкендей, финансылык мекемелер "Террордук ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, Финчалгындоо талап кылган маалыматтарды бере алат.
Бирок талап кылынган кат "Улуттук банк, банктар жана банктык ишмердик" тууралуу мыйзамга туура келиши керек. Анда кардардын аты-жөнү, маалыматтын көлөмү жана ал кандай максатта колдонулары так көрсөтүлүшү зарыл.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Быйылкы Кадыр түн 9-майга караган түнү белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
Орозо быйыл 13-апрелге караган түнү башталды. Кадыр түн дайыма орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет.
Шарият боюнча бул түн миң айдан да артык деп эсептелет. Эгерде Кадыр түнү инсан эки ирет намаз окуса, 84 жыл бою ибадат кылганга барабар соопко ээ болот деп айтылат.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Эртең борбор калаанын 56 көчөсүндө электр кубаты убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын сайтында кабарланган.
Бул күнү бригадалар тирөөчтөрдү орнотуп, үйлөрдүн, короолордун ичиндеги кабелдерди иретке келтирип, оңдоп-түзөө иштерин жасайт.
Электр кубаты төмөнкү жерлерде болбойт: