Депутат: ордун бошотпогон мектеп директорлорун текшерүү керек

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Жогорку Кенеша Зиядин Жамалдинов
Депутат Жогорку Кенеша Зиядин Жамалдинов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө боюнча 2262 мектеп директору болсо, алардын 20 пайызы 65 жаш жана андан жогорку куракта.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Көп жыл бою кызматтан кетпей иштеп жаткан мектеп директорлорунун ишин текшерүү керек. Бул туурасында депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда билдирди.

Эл өкүлү билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбековадан мектеп директорлору канча мөөнөткө чейин дайындалууга укуктуу экенин сурады.

"Негизи директорлор бир мөөнөткө дайындалат. Эгер абдан ийгиликтүү иштеп, көрсөткүчтөрү жакшы болуп турса экинчи мөөнөткө калтырылат. Андан ашышы мүмкүн эмес. Өкмөттүн мындай токтому 2014-жылы чыккан. Ага чейин эмгек келишим түзүлүп калган директорлор менен келишимди буза албайбыз. Бирок сиздин сын пикириңиз боюнча иштеп жатабыз", — деп жооп берди министрдин орун басары.

Жусупбекованын айтымында, 2014-жылы чыккан токтомго ылайык директорлор 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Ага чейинки мыйзамда чек коюлбай, өзүнүн макулдугу менен гана кызматтан кетчү.

Депутат үч-төрт мөөнөт иштегендер да бар экенин айтып, муну тартипке салууга чакырды. Ошондой эле ар бир жаш мугалим директор болгусу келерин белгилеп, жакшы иштегендерди экинчи мөөнөткө өнүкпөй жаткан мектептерге ротация кылуу керектигин кошумчалады.

Ал эми депутат Бактыбек Турусбеков мектептердин директорлорунун жаш курагына кызыкты.

Анда аткаминер өлкө боюнча 2262 мектеп директору болсо, алардын 20 пайызы 65 жаш жана андан жогорку куракта экенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0