Сурабалдиева Абдыгуловдун бир нече үйү бар экенин айтты. Улуттук банк эмне дейт

© Фото / Пресс-служба НБКРПредседатель Нацбанка КР Толкунбек Абдыгулов
Председатель Нацбанка КР Толкунбек Абдыгулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Банктын төрагасы болгону бир батири бар экенин, аны Улуттук банк берген ссуданын негизинде алганын бир нече ирет айткан.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун менчигинде бир гана батир бар. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Эскерте кетсек, 25-декабрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун ижарага берген бир нече үйү бар экенин айтып чыккан. Эл өкүлү банк жетекчиси бир гана батирим бар деп бир нече ирет айтып келгенин эскертти.

"Жогорку Кеңештин депутаты Сурабалдиевага таянуу менен Абдыгуловдун ижарага берилген квартиралары тууралуу ЖМКларга чыккан маалымат чындыкка дал келбейт", — дешти Улуттук банктан.

Тараткан билдирүүсүн тастыктоо үчүн аталган банк үч маалымдама тиркеген. Анда Абдыгуловдун да, үй-бүлө мүчөлөрүнүн да чогуу жашап жаткан үйүнөн башка турак жайы жок экени көрсөтүлгөн.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
АКШда айына 5 миң доллар тапчумун. Толкунбек Абдыгулов агынан жарылганда
— Кыргызстандын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо тууралуу Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалымат системасы (КМБМС) тарабынан Абдыгуловго 2018-жылдын 25-декабрында берилген маалымкат. Ага ылайык, учурда Абдыгуловго Бишкек шаарынын Орозбеков көчөсүндө жайгашкан бир батир катталган. Бул маалымкатта 2014-жылы Жал кичирайонундагы батир сатылып, 2015-жылы Улуттук банктын ссудасына учурда жашап жаткан батир сатып алынганы көрсөтүлгөн. Бирок эреже боюнча ссуда төлөнүп бүткүчө турак жай Улуттук банктын менчиги болуп саналат. 2017-жылы ссуда жоюлгандан кийин батир Абдыгуловдун менчигине өттү. Операциялардын баары документте чагылдырылган. 
© Фото / предоставлено пресс-службой НБКРСправка о зарегистрированных правах на недвижимое имущество
Справка о зарегистрированных правах на недвижимое имущество - Sputnik Кыргызстан
Справка о зарегистрированных правах на недвижимое имущество

— Б.А.Е. аттуу Абдыгуловдун жубайына Кыргызстандын аймагында жайгашкан кыймылдуу же кыймылсыз мүлк катталбаганы тууралуу КМБМС тарабынан берилген маалымкат. 

© Фото / предоставлено пресс-службой НБКРСправка о неимении недвижимого имущества
Справка о неимении недвижимого имущества  - Sputnik Кыргызстан
Справка о неимении недвижимого имущества

— А.Т.Т. аттуу Абдыгуловдун бойго жеткен баласына да Кыргызстандын аймагында жайгашкан кыймылдуу же кыймылсыз мүлк катталбаганы тууралуу КМБМС тарабынан берилген маалымкат. 

© Фото / предоставлено пресс-службой НБКРСправка о неимении недвижимого имущества
Справка о неимении недвижимого имущества  - Sputnik Кыргызстан
Справка о неимении недвижимого имущества

Белгилей кетсек, 5,5 миллион сом өлчөмүндөгү ссуданы Абдыгулов 2015-жылдын июнь айында алган. 2017-жылдын сентябрында биринчи вице-премьер болуп дайындалып, бир аз убакыттан кийин Улуттук банктын төрагасы болуп кайтып келген. Банк системасынын жана өлкө экономикасынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн, саясий жетекчи кызматына которулганы жана Улуттук банктагы 10 жылдык стажы үчүн 4 миллион 824 миң сому жоюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0