Котормочу, протокол бөлүмүнүн жетекчиси. Акаевдин экс-маалымат катчысы дүйнө салды

Жазылуу
Досу Ильяс Бекболотовдун бир жылдан бери ооруп жүргөндүгүн айтты.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Бишкек шаарында 26-декабрда эртең менен мурдагы президент Аскар Акаевдин маалымат катчысы болуп иштеген Илияс Бекболотов узак оорудан каза тапты. Бул маалыматты анын жакын достору тастыктады.

Ал Бекболотовдун бир жылдан бери ооруп жүргөндүгүн айтты.

"Быйыл жайында Индияга барып дарыланып келген. Жакшы болуп, ишине чыгып жаткан эле, бирок абалы кайра начарлады. Кезектеги дарылануусуна жетпей калды. Буга чейин Бишкектеги ооруканага жатып чыкканына бир аптадай болгон", — деп кошумчалады ал.

Ильяс Бекболотов мурдагы билим берүү, илим жана маданият министри Турсунбек Бекболотовдун уулу.

Кыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Учкучтардын кабинасына кирип алчу. Аскар Акаевдин пилоту экс-президент тууралуу
Кесиби боюнча англис тилчи Ильяс Бекболотов алгач КРдин тунгуч президенти Аскар Акаевдин учурунда мамлекет башчынын котормочусу болуп иштеген. Андан соң президенттик аппараттын протокол бөлүмүн жетектеп, маалымат катчылык кызматын аркалаган.

Бекболотовдун артында бир кызы калды. Ал 1972-жылы Фрунзе шаарында жарыкка келген.

Маркумдун сөөгү эртең, 27-декабрда, Бишкек шаарындагы үйүнөн чыгат. Ал Байтик айылындагы көрүстөнгө коюлмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0