Аалымдар кеңеши жыл ичинде аткарган ишинин жыйынтыгын чыгарды

© Фото / пресс-служба ДУМКАалымдар кеңешинин кезектеги 6-жыйыны өтүп, анын алкагында Борбордук текшерүү комиссиясы отчет берип, аймактагы диний абал талкууланды
Аалымдар кеңешинин кезектеги 6-жыйыны өтүп, анын алкагында Борбордук текшерүү комиссиясы отчет берип, аймактагы диний абал талкууланды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматов 2018-жылы аткарылган иштерге саресеп салып, жетишкендик менен кемчиликтерге токтолду.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Аалымдар кеңешинин кезектеги 6-жыйыны өтүп, анын алкагында Борбордук текшерүү комиссиясы отчет берип, аймактагы диний абал талкууланды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба ДУМКАалымдар кеңешинин кезектеги 6-жыйыны өтүп, анын алкагында Борбордук текшерүү комиссиясы отчет берип, аймактагы диний абал талкууланды
Аалымдар кеңешинин кезектеги 6-жыйыны өтүп, анын алкагында Борбордук текшерүү комиссиясы отчет берип, аймактагы диний абал талкууланды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Аалымдар кеңешинин кезектеги 6-жыйыны өтүп, анын алкагында Борбордук текшерүү комиссиясы отчет берип, аймактагы диний абал талкууланды
© Фото / пресс-служба ДУМКАнда 2017-2018-жылдары жүргүзүлгөн финансылык текшерүүнүн толук жыйынтыгы тааныштырылып, Аалымдар кеңешинин аймактарды кыдыруудагы багыттуу иштери талкууланды.
Анда 2017-2018-жылдары жүргүзүлгөн финансылык текшерүүнүн толук жыйынтыгы тааныштырылып, Аалымдар кеңешинин аймактарды кыдыруудагы багыттуу иштери талкууланды. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Анда 2017-2018-жылдары жүргүзүлгөн финансылык текшерүүнүн толук жыйынтыгы тааныштырылып, Аалымдар кеңешинин аймактарды кыдыруудагы багыттуу иштери талкууланды.
1/2
Аалымдар кеңешинин кезектеги 6-жыйыны өтүп, анын алкагында Борбордук текшерүү комиссиясы отчет берип, аймактагы диний абал талкууланды
2/2
Анда 2017-2018-жылдары жүргүзүлгөн финансылык текшерүүнүн толук жыйынтыгы тааныштырылып, Аалымдар кеңешинин аймактарды кыдыруудагы багыттуу иштери талкууланды.

Анда 2017-2018-жылдары жүргүзүлгөн финансылык текшерүүнүн толук жыйынтыгы тааныштырылып, Аалымдар кеңешинин аймактарды кыдыруудагы багыттуу иштери талкууланды. Муну менен катар аймактардагы имамдардын ишмердүүлүгү жана коомчулук менен иш алып баруусу, отчеттуулукту жөнгө салуу жана иш кагаздардын жүргүзүлүүсүн карап чыгышты.

Президент КР Сооронбай Жээнбеков на II международной конференции Ислам в современном светском государстве - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: динчилдер менен динден алысмын дегендердин мамилесин чыңдоо керек
Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматов 2018-жылы аткарылган иштерге саресеп салып, жетишкендик менен кемчиликтерге токтолду. Ошондой эле Аймактарды өнүктүрүү жылына карата кабыл алынган иш пландын жана токтомдордун аткарылышы боюнча бир топ маселелер каралды.

Жыйындын жүрүшүндө кеңештин мүчөлөрү аймактардагы диний кырдаалдан кабар берип, коомчулук арасында үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, эмдөө, экстремизм, терроризмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп, жергиликтүү бийлик органдары менен жолугушуулар уюштурулгандыгын айтышты.

Жыйындын соңунда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына бир катар тапшырмалар берилсе, Борбордук текшерүү комиссиясынын ишине "канаттандыраарлык" деген баа коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0