Уюлдук телефондор эмне себептен жарылып кетет? Бишкектик адистин кеңеши

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүТелефон карамап турган адам. Архив
Телефон карамап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адатта телефондун жарылып кетиши тууралуу окуяларды чет мамлекеттеги ЖМКлардан көп угуп жүрсөк, мындай окуя жакында эле өз өлкөбүздө кездешти.

Тагыраагы, үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрында Тоң райондук аймактык ооруканасына шымынын чөнтөгүндөгү телефону жарылып, төшү, ичи, алаасы күйгөн 14 жаштагы өспүрүм келип түшкөн. Кырсыктын кесепетинен бала 1-2-даражадагы (30 пайыз) күйүк алган. Учурда анын абалы туруктуу экендиги айтылат.

Ал эми Ысык-Көл облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов бул окуя боюнча кылмыш иши козголбой турганын билдирди.

"Телефондун жарылуусу бөөдө кырсык деп эсептелди. Себеби баланын чөнтөгүнө эч ким жарылуучу зат салган жок да. Башкача айтканда, окуяда кылмыштын курамы жок. Ээси телефон чыгарган компанияга доомат кое алат. Бирок ишти аныктоо кыйын. Себеби баланын энеси жарылган телефондун калдыгын таштандыга ыргытып ийген", — деди Усубакунов.

© Фото / Болот Мергенбай уулу"Академия Smart" окутуу борборунун негиздөөчүсү, чебер жана окутуучу Азамат Айтыкулов
Основатель, специалист и преподаватель центра обучения Академия Smart Азамат Айткулов - Sputnik Кыргызстан
"Академия Smart" окутуу борборунун негиздөөчүсү, чебер жана окутуучу Азамат Айтыкулов

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги уюлдук телефондордун жарылып кетүүсүнүн себебин жана алдын алуу жолдорун билип көрдү. Суроого "Академия Smart" окутуу борборунун негиздөөчүсү, чебер жана окутуучу Азамат Айтыкулов жооп берди.

Президент РФ В. Путин провел телефонный разговор с главами ДНР А. Захарченко и ЛНР И. Плотницким - Sputnik Кыргызстан
Песков: Путин мобилдик телефон көтөрбөйт, маалыматты башка жол менен алат
Адис уюлдук телефондун өзү эмес, анын ичиндеги аккумулятордук батарейкасы жарыла турганын айтып берди.

"Уюлдук телефондорго, смартфон жана планшеттерге Li-ion батарейкасы салынат. Ал өзүнө аябагандай кубаттуу энергияны сактайт. Батарейкаларда тийишүү (замыкание — ред.) болсо, жарылууга алып келет", — деди Айтыкулов.

Ал белгилегендей, Li-ion батарейкаларында тийишип кетүүдөн сактаган атайын микросхема (батарейканы көзөмөлдөп туруучу — ред.) орнотулган. Микросхема эки максатты көздөйт:

1. Телефондун батарейкасына энергия толук кандуу топтолгондо зарядды кабыл алуунун өз убагында токтотулушу үчүн каралган;

2. Телефондогу батарейкаларды майда-барат тийишүүдөн коргоп, алдын алат;

© Фото / Азамат Айтыкулов Айтыкулов: уюлдук телефондун өзү эмес, анын ичиндеги аккумулятордук батарейка жарылат
Аккумуляторы сотовых телефонов - Sputnik Кыргызстан
Айтыкулов: уюлдук телефондун өзү эмес, анын ичиндеги аккумулятордук батарейка жарылат

Уюлдук телефондун жарылуусуна дал ушул аккумулятордук батарейкалардын көзөмөлүнүн иштен чыгуусу себеп.

Айтыкулов телефондордун жарылуусу адамдын өзүнө же предметке өтө кооптуу экендигин белгиледи.

"Li-ion батарейкасынын кубатын вулкандуу тоого салыштырса болот. Анда тийишүү болгондо чоң энергия тышка чыгат. Бул ден соолукка өтө кооптуу. Жарылуу өрт менен коштолгондуктан адамга жана айланасындагы нерселерге чоң зыян келтирет", — деди ал.

Ошондой эле адис кайсы компаниянын телефондору жарылууга көбүрөөк кабыла турганын так айтуу кыйын экендигин айтып берди.

Влияние смартфонов на детей - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: гаджетти көп караган баланын мээсинин структурасы өзгөрөт
"Албетте, телефон чыгарган компаниялар продукциясынын жарылып кетпеши үчүн кам көрөт. Бул же тигил телефон чыгарган компаниялардыкы көбүрөөк жарылат деп айтуу кыйын. Өйдөдө белгилеп кеткендей, телефондун жарылуусуна "мандеми" бар аккумуляторлор себеп. Эмне үчүн кемчилиги бар аппараттар чыгып жатат десеңиздер, ар бир компания жаңы телефонду сынактан өткөрүшү керек, айрымдары мындай талапты аткарбай эле сатыкка коюп жиберүүдө", — деди ал.

Адис уюлдук аппараттын жарылып кетишин алдын алуунун жолдорун тизмектеп берди.

© Фото / Азамат Айтыкулов Адис: Li-ion батарейкасынын кубатын вулкандуу тоого салыштырса болот. Жарылуу өрт менен коштолгондуктан адамга жана айланасындагы нерселерге чоң зыян келтирет
Аккумулятор сотовых телефонов - Sputnik Кыргызстан
Адис: Li-ion батарейкасынын кубатын вулкандуу тоого салыштырса болот. Жарылуу өрт менен коштолгондуктан адамга жана айланасындагы нерселерге чоң зыян келтирет

1. Уюлдук телефонду өзүнүн оригиналдуу зарядкасы менен гана заряддоо керек. Аппаратты жаңы алганда ичинде өзүнүн заряддагычы болот;

2. Уюлдук телефонду таң аткыча заряддабаш керек;

3. Чөнтөк телефондорду унаадан заряддоо кооптуу. Бул туурасында компаниялар ар убак эскертип келет;

4. Гаджет заряддалып бүткөнчө колдонбой эле турган жакшы;

5. Телефондогу батарейка шишип кетсе, дароо телефон оңдогон адистерге кайрылып, себебин билүү керек. Адатта каражат барсайып көөп кеткен учурлар көп кездешет.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги буга чейин уюлдук телефонду жоготуп алган адам кандай кадамдарга барышы керек экендигин жана уурулуктун алдын алуу жолдору тууралуу жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0