Синхрондук котормочулардын карлыгачы. Жумагүл Карагулова тууралуу 7 факты

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстан парламентинин алгачкы синхрондук котормочусу, дасыккан, бай тажрыйбага ээ адиси Жумагүл Карагулова. Архив
Кыргызстан парламентинин алгачкы синхрондук котормочусу, дасыккан, бай тажрыйбага ээ адиси Жумагүл Карагулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан парламентинин алгачкы синхрондук котормочусу, дасыккан, бай тажрыйбага ээ адиси Жумагүл Карагулова октябрда дүйнө менен кош айтышкан. Ал эми Жогорку Кеңеш жакында өзүнүн 80 жылдык мааракесин белгиледи. Мындан улам Sputnik Кыргызстан парламенттин алгачкы котормочусун эскерип, ал тууралуу жети факты даярдады.

Синхрондук котормодо котормочу баяндамачынын сүйлөгөн сөзүн угуп, дароо токтоосуз, 2-3 гана секундага кечигүү менен ээрчий которот. Бир тилден экинчи тилге которуу угуу, ойлонуу, сүйлөө жүрүмү менен бир убакта жүргүзүлөт.

Народный писатель Казат Акматов - Sputnik Кыргызстан
Далай-ламага белек берген. Жазуучу Казат Акматов тууралуу 8 факты
Жогорку Кеңештин көзгө басар котормочусу болгон. Чанда кезигүүчү жана өтө татаал кесиптин адиси катары Жумагүл Карагулова 1995-жылы Жогорку Кеңештин I чакырылышынан тарта VI чакырылышына чейин иштеген. Ал мамлекеттик тилди өркүндөтүүгө, мамлекеттик тилде синхрондук котормону өзүнчө адистик катары калыптандырууга жана өнүктүрүүгө, мыйзам долбоорлоруна лингвистикалык экспертиза жүргүзүүгө салымын кошкон. Мындан сырткары, синхрондук котормо боюнча адистерди даярдаган. Ал 15 жылдан ашык кыргыз парламентинин жалгыз синхрондук котормочусу болуп эмгектенип келген.

Мугалимдик иши. Карагулова 1958-жылы Кемин районунун Боролдой айылында туулган. 1980-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус филология факультетин, ал эми 1991-жылы кыргыз филология факультетин бүтүргөн. Окуусун бүтүрүп, ал бир нече жыл айылдын жана ордо калаанын мектептеринде орус тили жана адабияты боюнча мугалими, андан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин философия кафедрасында окутуучу болуп эмгектенген. Андан кийин Улуттук илимдер академиясынын Адабият жана искусство институтунун дүйнөлүк адабият бөлүмүндө илимий кызматкер катары көркөм котормо маселелерин изилдеп келген.

© Фото / Ашыркул ОморовЖумагүл Карагулова 1995-жылы Жогорку Кеңештин I чакырылышынан тарта VI чакырылышына чейин иштеген
Заведующая отделом лингвистической экспертизы аппарата ЖК Джумагуль Карагулова - Sputnik Кыргызстан
Жумагүл Карагулова 1995-жылы Жогорку Кеңештин I чакырылышынан тарта VI чакырылышына чейин иштеген

Столду кошо муштап жиберген мүнөттөр. Карагулова бир ирет ал маек берип жатып, синхрончунун негизги максаты сүйлөп жаткан сөздүн маанисин, эмоциясын бериш керек деп айтканы бар. Кеп анын ЖКдагы иши туурасында эле.

"Депутаттын эң эле биринчи максаты элди ишендириш керек да. Эмоциясыз сөз толук берки тарапка жетпей калат. Андыктан, образга киргенге туура келет. Ал столду бир койсо, кошо бир койгон болосуң, ордунан тура калса, кошо тура каласың, сөгүнсө кошо сөгүнгөн учурлар болгон…" — деген эле.

Ыйлаган учурлар. Ишинин оош-кыйышы туурасында айтып берип, көз жаш токтобой чуурган учурларын эстеген.

"Өзгөчө Аксы окуясы эсимде… депутаттар барып келгенден кийин Асел Мамбеталиева, Алевтина Проненколор ыйлашкан. Андайда кошо ыйлайсың", — деген Карагулова.

© Sputnik / Жоомарт УраимовАл жалпысынан өз өмүрүнүн 23 жылын мыйзам чыгаруу тилин калыптандырууга жана аны андан ары өркүндөтүүгө арнады
Заведующая отделом лингвистической экспертизы аппарата ЖК Жумагул Карагулова - Sputnik Кыргызстан
Ал жалпысынан өз өмүрүнүн 23 жылын мыйзам чыгаруу тилин калыптандырууга жана аны андан ары өркүндөтүүгө арнады

Лингвистикалык экспертиза бөлүмүн түптөгөн. Ал котормочулугу менен кошо эле 1995-2017-жылдары Жогорку Кеңештин котормо жана редакциялоо бөлүмүнүн улук консультанты, эксперти, бөлүм башчынын орун басары, лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Экс-глава президентской администрации Медет Садыркулов - Sputnik Кыргызстан
Душманга каалабаган өлүм, ишке ашпай калган план. Медет Садыркулов жөнүндө 6 факты
Карагулова расмий жана мамлекеттик тилдерде кесипкөйлүк менен котормонун жазма жана оозеки (синхрондук) түрлөрүн жүзөгө ашырган, мыйзам актыларын эки тилде теӊ редакциялай алган. Юридикалык документтердин, ченемдик укук актылары менен мыйзам долбоорлоруна лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн.

Мыйзам долбоорлоруна жана башка ченемдик укуктук актыларга карата лингвистикалык экспертиза жүргүзүү зарылчылыгы пайда болгондугуна байланыштуу Карагулованын аракети менен Жогорку Кеңеште лингвистикалык экспертиза бөлүмү ачылган. Мындай демилге кабыл алынган мыйзамдардын сапатын жогорулатууга, андагы коллизияларды четтетүүгө өбөлгө түзгөн. Ошентип ал жалпысынан өз өмүрүнүн 23 жылын мыйзам чыгаруу тилин калыптандырууга жана аны андан ары өркүндөтүүгө арнады.

Сөздүктөрдүн авторлорунун бири. Ал мамлекеттик тил боюнча улуттук терминологиялык комиссиянын мүчөсү болгон. 2006-жылы ЮСАИД уюмунун колдоосу менен басылып чыккан "Юридикалык терминдер менен түшүнүктөрдүн кыргызча-орусча жана орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгүнүн", "Терминдердин орусча-кыргызча сөздүгүнүн" авторлорунун бири. Ошондой эле ал "Мыйзам долбоорлоруна лингвистикалык экспертиза жүргүзүү боюнча методикалык колдонмонун" редактору жана иштеп чыгуучуларынын бири катары белгилүү.

© Фото / Ашыркул ОморовЖумагүл Карагулова ишинин оош-кыйышы туурасында айтып берип, көз жаш токтобой чубурган учурларын эстеген
Заведующая отделом лингвистической экспертизы аппарата ЖК Жумагул Карагулова - Sputnik Кыргызстан
Жумагүл Карагулова ишинин оош-кыйышы туурасында айтып берип, көз жаш токтобой чубурган учурларын эстеген

Өкмөттү миллиондогон долларлык доодон алып калып… Кыргыз өкмөтү менен чет элдик тараптардын соттошуусундагы иш кагаздарды карап, экспертизадан өткөрүп, ташка тамга баскандай тактыгы, кесипкөйлүгү менен бир канча миллиондор чырынан кыйгап өтүүгө салым кошкон. Бул туурасында кезегинде өкмөт башчы болуп турган Темир Сариевден 2015-жылы келген документ (Алкыш кат) далилдеп турат. Ал учурлары өкмөттөн Корея жараны Ли Жон Бэк (Central Asia FEZ Development Corporation) 22 миллион доллар; Stans Energy Corp жана Kutisay Mining ЖЧКлары 118 миллион доллар, О.К.К.В ЖЧКсы 2,3 миллион доллар өндүрүп алууга ниеттенген.

Народный артист КР Асанбек Умуралиев - Sputnik Кыргызстан
Бурят кызга үйлөнүп... Арсен эмес, Асанбек Өмүралиев тууралуу 6 факты
"Ушул сот процесстеринде ЖК Аппаратынын лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн башчысы Жумагүл Карагулованын берген корутундусу негизги ролду ойногондугун ынануу менен белгилей кетүү керек, анткени Москва арбитраждык сотто иштерди кароонун жүрүшүндө "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" мыйзамдын кыргыз тилиндеги тексти негиз болуп алынган.

Ушуга байланыштуу экспертиза сабаттуу жана жогорку деңгээлде жүргүзүлгөндүгү үчүн өкмөттүн атынан Жогорку Кеңештин адиси Карагуловага алкыш билдирүүгө уруксат этиңиз. Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо максатында КР өкмөтү мындан ары дагы кыргыз парламенти менен кызматташууга даяр…" деп айтылган парламенттин ал кездеги төрагасынын атына келген 

Жаңылыктар түрмөгү
0