Парламентте Ысык-Көл визасын киргизүү сунушталды

© Sputnik / Табылды КадырбековПарусники на озере Иссык-Куль. Архивное фото
Парусники на озере Иссык-Куль. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу депутаттын сунушун карап көрөрүн билдирди.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байпакбаев чет элдик туристтер үчүн Ысык-Көл визасын киргизүүнү сунуштады.

© Фото / пресс-служба ЖК КРДепутат Жогорку Кенеша Экмат Байпакбаев
Депутат Жогорку Кенеша Экмат Байпакбаев - Sputnik Кыргызстан
Депутат Жогорку Кенеша Экмат Байпакбаев

Депутаттар парламенттин жалпы жыйынында "2018-жылдын 17-августунда Астана шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы КР өкмөтү менен Казакстан өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулады.

Байпакбаев өз сөзүндө Египетте Синай визасы деген түшүнүк бар экенин, ошонун анологунда Кыргызстанда Ысык-Көл визасын киргизүүнү Маданият, маалымат жана туризм министрлигине сунуштады.

Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Беш миң доллар уткуң келеби? Кыргызстанга туристтик ураан ойлоп тап
Депутаттын айтымында, Синай визасын алган турист Шарм-Эль-Шейх сыяктуу жерлерге визасы жок эле келе алат.

Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу депутаттын айтканын карап көрөрүн билдирди.

Аталган мыйзам долбоору экинчи окууга добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, Синай визасы менен Шарм-эль-Шейх жана Табы чакан шаарында эркин жүрүүгө болот. Андан сырткары, Дахаб жана Нурвейба шаарларына, ыйык Екатерина монастрына, Израилдеги Моисей шаарына барууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0