Монументке гүл коюу. Архивдик сүрөт

Согушта көз жумган аталардын бейитине бара албай... ЖКда маселе көтөрүлдү

(жаңыланган 19:30 27.12.2018)
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекованын айтымында, согуш маалында дайынсыз жоголгон туугандарынын көмүлгөн жерине барып келүү үчүн болгону 12 арыз түшкөн.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору каралып жатканда Улуу Ата Мекендик согушта Кыргызстандан 56 миң киши дайынсыз жоголгону айтылды.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекованын айтымында, согуш маалында дайынсыз жоголгон туугандарынын көмүлгөн жерине барып келүү үчүн каражат сурап болгону 12 арыз түшкөн. Солтонбекова ошондой эле кыргызстандык жоокерлер жашырылган делген 925 жер такталганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбооруна киргизилген өзгөртүү боюнча маркум аскерлердин туугандарына ал көмүлгөн жерге барып келүү үчүн чыгымдарды төлөп берүү каралган.

Социалдык өнүктүрүү министринин орун басарынын берген маалыматына ылайык, бир кишинин эле жол киресин камсыздоо үчүн 178 миң сом керек. Андыктан өкмөттө маркумдун жакындарынын чыгымдарын төлөп берүү үчүн каржы булагы жок болгондуктан бул мыйзам долбоору четке кагылып жатканын айтты.

Өз кезегинде депутат Мирлан Жээнчороев бул багытка миллион сомго жетпеген каражат керектелерин айтып, аны премьер-министр өзүнүн фондунан акча карап койсо болмоктугун белгиледи.

Ал эми эл өкүлү Бахадыр Сулейманов мыйзам долбоору эки жыл мурун биринчи окууда жактырылганын айтып, өкмөт аны колдойбуз деп айтканын эске салды.

"Эмнеге башында колдойсуңар да, азыр каршы чыгып жатасыңар. Ошол акча булагын табууну, аны бөлүштүрүүнүн жол- жобосун иштеп чыкпайсыңарбы! Бул маселеге өкмөт даяр эместигин көрсөттү", — деп нааразычылыгын билдирди.

Депутат Таабалды Тиллаев болсо миллиарддаган каражатка аш-той деле өтүп жатканын, андыктан Каржы министрлиги каржы булагын табышы керектигин талап кылды.

"Чынында аталарыбыз мекен үчүн деп жанын кыйган. Акча жок деп талкуулап отуруунун өзү туура эмес", — деди Тиллаев.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Исхак Пирматов аталган мыйзам долбоорун комитет четке каккан чечим кабыл алганын айтты.

"Бир нерсени белгилеп кетүү керек. Бул мыйзам долбоору эки жылдан ашуун каралды. Башында жактырылып, бирок каржы булактары аныкталган учурда гана деп айтылган. Жакында эле өкмөт "каржы булагы аныкталган жок" деген корутунду берди. Комитеттин жыйынында вице-премьер Алтынай Өмүрбекова "алты айдан кийин бул мыйзам долбооруна кайтып келебиз, каржы булактарын да тактайбыз" дегенинен улам комитет мыйзам долбоорун четке кагууну колдоп берди", — деди Пирматов.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Белгилер:
мыйзам, ардагер, өкмөт, Жогорку Кеңеш
Тема боюнча
Жээнбеков: ардагерлердин эрдиги урпактардын эсинде түбөлүккө жашайт
Өз мүрзөсүнө келип томсоргон жоокер: атам тирүү экеними укканда эле оңбой калды
Бишкектеги аба-ырайы. Архивдик сүрөт

Жума күнүнө карата аба ырайы

23-апрелге караган түнү Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде үшүк жүрүшү күтүлөт.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +6…+11 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +16…+18 градус жылыйт.

Белгилер:
Кыргызстан, апрель, аба ырайы
Тема боюнча
Кыргызстандын аймактарына кар түштү. Видео жана сүрөттөр

Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасы кантип жеткирилди. Видео

(жаңыланган 20:54 22.04.2021)
Кыргызстанга россиялык "Спутник V" вакцинасы жеткирилди. 20 миң доза жүктөлгөн учак эл аралык "Манас" аба майданына конду.

Вакцинаны тапшыруу аземине Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Кыргызстандын биринчи вице-премьери Артём Новиков жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

"Бүгүн биз "Спутник V" вакцинасын алдык. Бул препараттын эффективдүүлүгү 98 пайыз болгондуктан аны бүт дүйнө тааныды. Учурда "Спутник V" вакцинасына дүйнө жүзү боюнча талап күч. Биз 20 миң доза алдык, анын 15 миңин сатып алсак, калганы гумжардам катары берилди", — деди Бейшеналиев.

Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко вакцинаны жеткирүү көлөмү дагы көбөйтүлөрүн айтты.

"Бул партияны уюштуруу үчүн убакыт керек болду. Анткен менен вакцинаны өндүрүү көбөйтүлсө дагы да жеткирилет. Кыргызстан келерки күздү толук даярдык менен тосуп алат. Республика жалпы жонунан миллион доза алууну пландап жатат. Анын жарымы гумжардам катары берилет", — деди Удовиченко.

Ал эми биринчи вице-премьер Артём Новиков вакцина сатып алуу үчүн бюджетте ресурстар каралганын, мамлекет көлөмдү көбөйтүүгө даяр экенин белгиледи.

"Россия берген жүктүн жарымы гумжардам болуп эсептелет. Бул Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ишенимди, достукту жана стратегиялык өнөктөштүктү билдирет", — деди Новиков.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, биринчи партиянын бир дозасы 10 доллардан турду. 20 миң доза 10 миң кишиге жетет.

Белгилер:
Алымкадыр Бейшеналиев, Артем Новиков, Николай Удовиченко, Спутник V, вакцина, Россия, Кыргызстан
Тема:
"Спутник V" вакцинасы
Тема боюнча
Министр: COVID боюнча жаңы учурдун жарымы вирустун жаңы штаммы болуп чыкты