Меккадагы мусулмандар. Архивдик сүрөт

Ажылык-2019: кыргызстандыктарды ташый турчу авиакомпаниялар тандалат

348
(жаңыланган 19:00 28.12.2018)
Конкурс 28-декабрдан 28-январга чейин өтөт.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. 2019-жылдын ажылык иштери жакындап калганына байланыштуу Кыргызстандын муфтияты зыяратчыларды ажылыкка ташуу үчүн атамекендик жана саударавиялык авиакомпаниялар арасында конкурс жарыялайт.

Ага ылайык, сынак 28-декабрдан 28-январга чейин өтөт.

Конкурска катышууну каалаган авиакомпаниялар коюлган талаптар тууралуу кенен маалыматты муфтияттан ала алышат.

Белгилей кетсек, 2018-жылы кыргызстандык зыяратчыларды Сауд Аравиясынын Flaynas авиакомпаниясы ташыган.

348
Белгилер:
авиакомпания, ажылык сапар, конкурс, муфтият
Тема:
Ажылык — 2019 (18)
Тема боюнча
Кудайдан коркконум көп нерседен сактайт. Жээнбеков дин тууралуу
Ажылык-2019: Кыргызстанга бөлүнгөн квота көбөйдү