Балага сүйүнчү эки күндүн ичинде бир эле документ менен бериле баштайт

© Sputnik / Табылды КадырбековДетская соска и национальная валюта. Архивное фото
Детская соска и национальная валюта. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балага сүйүнчүнү ата-эне паспорту менен гана алгыдай шарт түзүлүүдө.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. 2019-жылдын март айынан тарта өлкөдө балага сүйүнчү эки күндүн ичинде эле бериле баштайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

Анын айтымында, балага сүйүнчүнү ата-эне паспорту менен гана алгыдай шарт түзүлүүдө.

"Азыркы учурда балага сүйүнчү алыш үчүн ата-энесинин паспорту, баланын күбөлүгү жана банктык карточканын реквизиттери талап кылынат. Бул процессти жеңилдетүү үчүн иштеп жатабыз. Анда ар бир ата-эне сүйүнчү пулду өзүнүн паспорту менен эле алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Балалуу болгондор күбөлүк алуу үчүн мамлекеттик каттоо кызматынын бир бөлүмүнө барганда, ал жактагы кызматкерлер "Балага сүйүнчү аласызбы?" деп сурайт. Эгер жаран макул болсо, дароо электрондук арыз толтуруп аны онлайн түрүндө ошол замат биздин кызматка жөнөтөт. Электрондук арыз толтуруп жатканда балага сүйүнчү алчу адам кайсы банктан аларын дагы жазыш керек. Арызга өзүнө жакын, ыңгайлуу банкты көрсөтсө болот. Эки күндөн кийин жаран көрсөткөн банкка паспорту менен гана барып, балага сүйүнчү акчаны алып кете алат", — деди министр.

Кочкоров учурда бул ыкма сынамык иретинде Бишкектин Свердлов районунда жана Чүй облусунун Сокулук районунда иштетилип жатканын айтты. Жеңилдетилген ыкма өлкө боюнча кийинки жылдын март айынан тарта күчүнө кирет.

Руководитель отдела по выплате компенсаций и пособий министерства социального развития Айкол Тургунбаева - Sputnik Кыргызстан
Радио
Турганбаева: сүйүнчү жана жөлөк пул үчүн жыл сайын 8 млрд. сом керектелет
"Бүгүнкү күндө балага сүйүнчү 7-10 күндүн ичинде берилип жатат. Бул дагы ата-эне үчүн татаал процесс экенин эске алып, эки күндүн ичинде берүүгө аракет кылып жатабыз. Айрым банктар балага сүйүнчү берүүнү бир же эки эле филиалына байлап коюуда. Мындан улам бардык банктар менен каалаган филиалынан алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди Кочкоров.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 1-январынан тарта "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамдын "Балага сүйүнчү" пункту ишке кирген. Ага ылайык, ушул жылдын январь айынан баштап төрөлгөн бардык ымыркайга 4000 сом өлчөмүндө акча берилип баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0