Денесин караган кыз. Архивдик сүрөт

Сындан кетирип... Диетолог кыргызстандыктарды семирткен азыктарды атады

2687
(жаңыланган 13:29 31.12.2018)
Кыргызстандыктардын көбү чымыр денелүү, сындуу болгусу келет. Диетолог Алексей Макушенко жөнөкөй эле эрежелерди сактап, ашыкча салмактан арылуунун жолун айтып берди.

Адегенде кыргыздардын тамактануусу 100 жылда кандай өзгөргөндүгү туурасында гана маек алууну пландаганбыз, бирок аңгемелешүүбүз тереңдеп кетти. Спорттук диетолог Алекс Бергдин арыктоо борборунун жетекчиси Алексей Макушенко (каймана ысымы Алекс Берг — ред.) ашкана гана өзгөрбөстөн, кандай азыктардын зыяны артканын айтып берип, туура тамактануу боюнча кеңештерин да аяган жок. 

Спортивный диетолог Алексей Макушенко
© Фото / Алексей Макушенко
Спорттук диетолог Алекс Бергдин арыктоо борборунун жетекчиси Алексей Макушенко

— 100 жыл чоң мөөнөт. Тамактануу негизинен ар бир 3-5 жылда өзгөрүп турат. Азыр биз жеп жүргөн тамактар бир кылым мурун жок эле. Азыркы тамактардын басымдуу бөлүгү жарамсыз жана ар кыл дарттарга кабылтат. Маселен, 100 жыл мурун бир жылда адам 2-3 килограмм гана кант жей алган, ал эми бүгүн дүйнөлүк диетологдордун маалыматы боюнча 100 килограммга чейин жеп коет. Мындай көрүнүш майды эле көбөйтүп, адамдын сырткы көркүн гана бузбастан, организмдин бүт биохимиясын өзгөртөт. Кандын курамында канттын деңгээли көтөрүлөт, натыйжада гормондук тутум бузулат.

Жакында балдар менен да иштештим, кээсинин салмагы 96 килограммга жетет. Алардын организминин биохимиясы толугу менен өзгөргөн, себеби балдар ун менен кант жеп чоңоюшат. Эгер чоңдорго жарамсыз азыктардан оолактап, эт, жер-жемиш жана жашылчага кайтуу керектигин айтып жеткире алсак, балдарга муну түшүндүрүү кыйын.

— Ундун зыяны тууралуу айтып берсеңиз?

— Ушу тапта дүкөндөрдүн текчесиндеги нанды бир кылым мурункусу менен салыштырып болбойт. 100 жыл мурун дан эч кандай химиялык жер семирткичсиз өстүрүлгөн, курамында пайдалуу заттар калчу. Минералдар жана витаминдер камтылган пайдалуу нан жасалган. Бүгүн нан тазаланган дандан жасалат, химия болушунча кошулат. Демек, азыркы нандар саламаттыкка зыян.

— Кыргыздардын азыктануусу мурдагыдан канчалык өзгөрдү?

— 100 жыл мурун кыргыздар жайлоодо багылган малдын экологиялык таза этин жеп, таза дан азыктарын жана жогоруда кеп болгон ден соолукка жарамдуу унду пайдаланышкан. Жашылча да болгон. Туура тамактануу деп ошону айт. Эт белок жана организмге зарыл болгон табигый майды камтыйт. Нандан минералдар менен клетчатканы алышчу. Организмдин бардык муктаждыгы толугу менен камсыздалчу.

Эт боюнча азыр суроо көп. Маселен, азыр тооктун төшү пайдалуу деп саналат. Бирок азыр тоокко, бодо малга да гормон жана антибиотиктер сайылары туурасында ар кандай маалыматтар бар. Алардын баары биздин организмге кирет. Койдун эти жакшы экендигинен шегим жок, себеби бизде койлор жайлоодо багылат эмеспи. Сүт — курамы жана сапаты боюнча экинчи орундагы белок. Мурда фермерден сатып алчумун, бир нече сааттан кийин ал ирип кетчү. Бул сүттүн тазалыгын тастыктайт. Ал эми азыр болсо дүкөндөрдөгү да, фермерден алынган сүт да бир нече күн сакталат. Демек, курамында иритпей турган кошумчалар бар. Жумуртка — эң мыкты белок, кынтыксыз азык, бирок бул да жүз жыл мурун эле. Ошентсе да жумуртканы баары бир жеш керек, анткени кемчилигине караганда артыкчылыгы арбын.

Жергиликтүү азыктардан балык жана козу карын кеңири тарап баратат. Кыргыздар менен көптөн бери иштешем, алардын бул багыттагы чоң көйгөйү — байыркы кездегидей тамактанышы. 100 жыл мурун кыргыздар эртеден кечке кыймылда болушкан. Кечки тамакты кеч ичишкен. Бирок эртеси таңда бардык эркектер кайрадан жайлоого чыгып, аялдар суу ташып, үй оокаты менен алышкан. Ал эми бүгүн адам үйдөгү дивандан туруп, машинасынын орундугуна, андан түшүп жумушундагы отургучка олтурат. Бирок азыктануу адаттары мурдагы калыбында. Тамактардын көпчүлүгү ун менен кантты камтыйт, анан адам аябай толуп кетет.

— Бизде өстүрүлгөн жашылча-жемиштин сапаты боюнча эмне дей аласыз?

— Биз химиялык жактан өнүкпөгөн өлкөдө жашаганыбыз дурус. Жергиликтүү өрүк, балык жана Ысык-Көлдүн алмасы сымал мыкты азыктарыбыз бар. Сырттан келген жемиштердин сыртын аарчып салуу абзел, анткени алар көпчүлүк учурда иштетилип чыгат.

— Туура тамактануу боюнча беш кеңеш берсеңиз

— Күнүнө кеминде 10 миң кадам басуу зарыл. Адамдар таза сууну ичпей калышты, салмактын ар бир килосуна 30 граммдан ченеп ичүү керек. Таза койдун этин, балык, жумуртка жана сүт азыктарын пайдаланып, күн сайын жашылча жана жемиш жегенди унутпагыла. Бешинчиси — түнкү саат 12ге жеткирбей уктооңуз абзел.

2687
Белгилер:
диетолог, салмак, тамак-аш, азык-түлүк
Тема боюнча
Окумуштуулар: адамдын эрте көз жумарын басканынан билүүгө болот
Диетологдор ден соолукту ала турган эң зыян азыктарды атады