Ден соолукту жок кылат. Эл Кызыл-Омполдогу уран кенинин казылышына нааразы

© © SputnikАкция протеста местных жителей Кок-Мойнок против разработки урана в "Таш-Булак"
Акция протеста местных жителей Кок-Мойнок против разработки урана в Таш-Булак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн жообуна ынанбаган эл январдын башында кайрадан чогула турганын айтып беришти.

БАЛЫКЧЫ, 27-дек. – Sputnik. Уран чыга турган "Таш-Булак" кени боюнча Балыкчы шаарында жана Көк-Мойнок айыл өкмөтүндө болгон коомдук угууларда жергиликтүү эл анын иштетилишине каршы чыгып, нааразылыгын айтты. Эми алар жыл жаңырары менен уран чайкалып жатат делген жерге атайын комиссия менен барарын айтышты.

Кеп Балыкчы шаарынан 35 чакырым аралыктагы жана Тоң районуна караган Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн аймагындагы (Көк-Мойнок-1, Көк-Мойнок-2) Кызыл-Омполдун уран-торианит чачыранды кендери туурасында жүрүп жатат. Кызыл-Омполдун уран-торианит чачыранды кендери (Баке, Таш-Булак, Узун-Сай, Түндүк, Оттук) Кыргыз тоо кыркасынын чыгыш аягы болгон Кызыл-Омпол тоолорунун түштүк боорунда жайгашкан.

© © SputnikКызыл-Омпол аймагында чалгындоо иштерин жүргүзүүгѳ лицензияга UrAsia in Kyrgyzstan компаниясы ээлик кылат
Кызыл-Омпол аймагында чалгындоо иштерин жүргүзүүгѳ лицензияга UrAsia in Kyrgyzstan  компаниясы ээлик кылат - Sputnik Кыргызстан
1/3
Кызыл-Омпол аймагында чалгындоо иштерин жүргүзүүгѳ лицензияга UrAsia in Kyrgyzstan компаниясы ээлик кылат
© © SputnikЖергиликтүү тургундар урандын алынышына нааразы болду
Жергиликтүү тургундар урандын алынышына нааразы болду - Sputnik Кыргызстан
2/3
Жергиликтүү тургундар урандын алынышына нааразы болду
© © SputnikКен Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн айыл аймагында жайгашкан
Кен Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн айыл аймагында жайгашкан - Sputnik Кыргызстан
3/3
Кен Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн айыл аймагында жайгашкан
1/3
Кызыл-Омпол аймагында чалгындоо иштерин жүргүзүүгѳ лицензияга UrAsia in Kyrgyzstan компаниясы ээлик кылат
2/3
Жергиликтүү тургундар урандын алынышына нааразы болду
3/3
Кен Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн айыл аймагында жайгашкан

Кызыл-Омпол аймагында чалгындоо иштерин жүргүзүүгѳ лицензияны UrAsia in Kyrgyzstan деп аталган компания 2010-жылы алып, эки жылдан кийин геологиялык-чалгындоо иштерин баштаган. Бул жер казынасын иштетүү максатында лицензияны трансформациялоого ѳзгѳчѳ укук берет.

Маалыматтарга караганда, лицензия 2020-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу.

Жергиликтүү эл аталган кендин иштетилишине каршы экендигин мындан бир нече күн мурда болгон коомдук угууда билдирди.

Балыкчы шаардык кеңештин депутаты Сайрагүл Муканбетова аталган кен казылса, Ысык-Көл облусунун экологиясына зыян келтирет деген пикирде.

"Кенди иштеткенден кийин балдарыбыздын ден соолугуна терс таасирин тийгизет, ар кыл илдеттерге чалдыгып, адамдардын жашоосу кыскарат. Уран ачылгандан кийин Ысык-Көлгө бир дагы эс алуучу келбей калат. Андыктан уран кенинин иштетилишине каршымын. Түзүп беребиз деп жатышкан жумуш орундарынын кереги жок", — деди Муканбетова.

Балыкчы калаасынын тургуну Асыл Кылымсейитова да кендин иштетилишине макул эместигин айтып, уран казыла турган болсо, балыкчылыктар каршылык митингисине чыга турганын билдирди. 

© © SputnikЖергиликтүү тургундар уран кенин иштетүүгө каршы экендигин билдирип, бийликке кайрылган
Акция протеста местных жителей Кок-Мойнок против разработки урана в Таш-Булак - Sputnik Кыргызстан
Жергиликтүү тургундар уран кенин иштетүүгө каршы экендигин билдирип, бийликке кайрылган

Ал эми UrAsia in Kyrgyzstan компаниясынын башкы директору Светлана Менг жергиликтүү элди көндүрүүгө аракет кылып, кенди иштетүү жаратылышка зыяндуу эмес деген оюн билдирди.

Собрание сельчан Мин-Булак против месторождения Солтон-Сары - Sputnik Кыргызстан
Солтон-Сары кенин кытайлыктардын иштетүүсүнө каршыбыз! Нарын эли жыйын курууда
"Биздин ишкана 2010-жылдан бери изилдөө иштерин жүргүзүп келет. Узак жылдар бою жүргүзүлгѳн иштердин натыйжасында бул аймактан сырьелордун жаӊы запасы аныкталган. Келечекте дагы геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлѳт. Себеби кен жаткан жердин аймагы абдан чоң. "Таш-Булак" кенинде ренит чачындысы кесек түрүндө жайгашкан. Уран, торий, цирконий, фосфор, титаномагнетит — бардыгы жөнөкөй кумда болот. Ал эми биз казып ала турган "уран-238" аталыштагы түрү активдүү фазасына жеткирүү үчүн көптөгөн иштерден өтүшү керек. Ансыз күчтүү боло албайт. Жаратылышта "уран-238" чабал элемент катары каралат", — деди Менг.

Компания жетекчиси кенди кайра иштетүүдѳ байытуунун гравитациялык деп аталган ыкмасы колдонулат деген жүйөсүн келтирди.

"Гравитациялык ыкмада пайдалуу кендер химиялык заттар колдонулбастан алынат. Бир гана жүгүртмѳ суулар пайдаланылып, кийин ал жасалма кѳлгѳ топтолуп, кайра тазаланат. Кендин кийинки кайра иштетүүсү Кара-Балта тоо-кен комбинатында жүргүзүлѳт. Азыркы учурда "Таш-Булак" кенинен түшкѳн материалдарды кайра иштетүү үчүн комбинатта ѳндүрүш жабдууларын кайра куруу жана оӊдоо иштери жүргүзүлүүдѳ", — деди ал.

© © SputnikЖергиликтүү тургундар январдын биринчи декадасында уран чайкалып жатат делген жерге атайын комиссия менен барарын айтышты
Акция протеста местных жителей Кок-Мойнок против разработки урана в Таш-Булак - Sputnik Кыргызстан
Жергиликтүү тургундар январдын биринчи декадасында уран чайкалып жатат делген жерге атайын комиссия менен барарын айтышты
Директор концентратты ташуу атайын коргоочу контейнерде жүргүзүлѳрүн, бул айлана-чѳйрѳнү булгоого жол бербейт деген маанайдагы жүйөсүн келтирген.

Кара-Балта тоо-кен комбинатынын директорлор кеӊешинин мүчөсү Андрей Акимов коомдук угуу болуп жатканда экологияга кооптуулук жок экендигин, андай абал жаралса толугу менен жооп бере тургандыктарын айтты. 

Деятельность предприятия Алтынкен в Кеминском районе - Sputnik Кыргызстан
Макмал алтын кенин иштетчү компаниянын аты аталды. Шарт-талабы
"Жергиликтүү элдин арасында пикирлер ар кандай болууда. Көбүнчө ошол жакта кашарлары бар эл, мал жайып оокат кылган адамдар каршы экен. Албетте, бул адамдар өздөрүнүн келечеги үчүн күрөшүп жатат. Мындан ары элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз. Алар уран казып алуу абага, сууга жана кыргыз бермети болгон Ысык-Көлүбүзгө да зыяны тийбейби деп тынчысызданышты. Ооба, биз түшүнүп турабыз, бирок бул кадамга баруудан мурун 150 жолу текшергенбиз. Анткени кенедей кооптуулук болуп калса, ага биз башыбыз менен жооп беребиз", — деди Акимов.

Өкмөт комиссиянын чечимин күтөбүз дегени менен эл кайра чогулууну пландоодо

Жергиликтүү тургундар уран кенин иштетүүгө каршы экендигин билдирип, президентке кайрылган. Өкмөттөн Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Арсен Рыспеков, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Расул Артыкбаев, Өнөр жай, энергетика жана тоо-кен мамлекеттик комитетинин жетекчисинин орун басары Чыңгыз Момбеков келген. Алар эл менен жолукканда да нааразылык айтылган. Үч аткаминер чалгындоо иштер жүрүп жаткан жердин радиоактивдүүлүгүн жеринде текшерип, жыйынтыгын атайын түзүлгөн комиссиянын чечиминин негизинде билдирерин айтып, кайра кеткен.

Ал эми Көк-Мойнок-2 айылынын тургуну Болот Дүйшөбаев айылда 120 үй-бүлө жашарын, анын 80 пайызы кенди иштетүүгө каршы болуп жатканын айтты.

"Уран кенин чалгындоого алган компания эми бул жерге объектилерди салып, уранды чайкап, Кара-Балтадагы тоо-кен комбинатына алып кетип жатат. Ал жерде көлмөлөр турат. Ал эми бизге келген мамлекеттик ведомстволордун өкүлдөрү ар кайсы шылтоону айтып кетишти. Бизге көз карандысыз эксперт керек деп өкмөткө кайрылдык. Буюрса, 8-январда эл менен биргеликте кайра комиссия түзүлүп жерине барабыз", — деди Дүйшөбаев.

"Көлмөдө топтолгон сууну ичүүгө болбойт, ал — скважиналардан чыккан техникалык суу. Ал аталган тилкеде турган чакан түзүлүшкө жарым өндүрүштүк сыноолорду жүргүзүү үчүн керек болгон. Себеби аны комбинатка (Кара-Балтадагы тоо-кен комбинаты — ред.) жиберип, иштетип, сынап көрүш керек. Уранды иштетип жаткан жокпуз, буга көзөмөлдөп турган инспекция жол бербейт. Ал эми долбоордун алкагында жарым-жартылай техникалык сыноолорду, иликтөөлөрдү жасасак болот", — деди Менг.

Компания тууралуу эки ооз сөз

UrAsia in Kyrgyzstan компаниясы 2015-жылдын ноябрь айында кайра катталган. Чет элдик тараптын катышуусу менен түзүлгөн жоопкерчилиги чектелген коом. Ишмердүүлүгү — бургулап чалгындоо.

Ал салык жана башка төлөмдү 2011-жылдан тарта төгө баштап, баштапкы сумма 141 000,44 сомду түзөн. 2018-жылы 4 684 057,24 сом төлөгөн.

Разработка месторождения Джеруй в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
Булут байырлаган аймактагы алтын кен. "Жер-Үйдөн" тартылган алгачкы сүрөттөр
Интернеттеги ачык маалыматтарда Кызыл-Омпол уран кендер тобу Ысык-Көл облусунун Тоң районунда, Кызыл-Омпол тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 1640-3000 метр бийиктикте жайгашканы айтылат. 1950–57-жылдары геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кызыл-Омпол уран кендер тобуна Капчыгай, Көк-Мойнок, Ачыкташ кендери жана Суулуу-Сай, Узун-Сай кенчелери кирет. Урандын рудадагы орточо өлчөмү 0,052 пайыз. Руданын кору жана ресурсу 4150,548 миң тонна, урандыкы 2166,51 тоннанын тегереги.

Кыргызстанда уран калдыктары сакталган 10го чукул жай бар. Анын бири жил уран-көмүр кени Кажы-Сайда жайгашып, 1952-жылдан 1966-жылга чейин иштетилген. Чогулган материалдын көлөмү 150 миң куб метрге жетет. 1960-жылдары объектинин үстү жагы инерттик грунт менен жабылган. Бирок убакыттын өтүшү менен аны суу жууп кетип жатканы белгилүү.

Былтыр МАГАТЭ менен "Росатом" ишканасынын ортосунда Кыргызстандагы айрым уран калдыктары сакталган жайларды рекультивациялоо тууралуу макулдашууга кол коюлган. Анын ичинде Кажы-Сай да бар. Натыйжада аталган жай тосулуп, коргоочу экрандарга ээ болмокчу

Жаңылыктар түрмөгү
0