31-декабрь күнү Бишкекте жабылчу көчөлөрдүн тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековПерекрытие улиц на Новый год в Бишкеке
Перекрытие улиц на Новый год в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй проспектисиндеги унаа кыймылына чектөө саат 8.00дөн тарта киргизилет.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. 31-декабрь күнү борбор калаада бир нече көчө жабыларын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Узап бара жаткан жылдын акыркы күнүндө төмөндөгү тилкелерге чектөө киргизилет:

— Саат 8.00дөн тарта Чүй проспектиси Эркиндик проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейин;

— Абдымомунов көчөсү Раззаковдон Орозбеков көчөсүнө чейин;

— Киев көчөсү Эркиндик проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейин. Бирок бул тилке автобус жана троллейбустар үчүн гана жабылат.

Абдымомунов жана Киев көчөлөрү саат 17.00дөн тарта майрамдык иш-чаралар аяктаганга чейин жабык болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0