ШКУга мүчө өлкөлөр уюм бюджетине канчадан акча чогултушат? Жээнбековдун Жарлыгы

Жазылуу
Мыйзам расмий жарыяланган мезгилден он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетине Кыргызстандын үлүштүк төгүмү 8,8 пайызды түзөт. Бул тууралуу мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

2017-жылдын 1-декабрында Сочи шаарында кол коюлган "Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 22-ноябрында кабыл алынган.

Документ Кыргызстандын ШКУга мүчө катары жыл сайын канча каражат төгөөрүн аныктайт.

Мыйзам расмий жарыяланган убакыттан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0