Жаңы жыл күнү борбордук аянтта кошумча 50 урна орнотулат

Жазылуу
Таштандыларды тазалоого 60 кызматкер жана 7 атайын техника тартылат.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. 31-декабрда "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери таң эртеден баштап күчөтүлгөн тартипте иштейт.

Жалпысынан таштандыларды тазалоого 60 кызматкер жана 7 атайын техника тартылат.

"Аянттын айланасына урналар коюлуп, кошумча 40 чоң желим урна менен евростандартындагы 10 контейнер орнотулат", — деп айтылат маалыматта.

"Тазалыктын" кызматкерлери шаардын киши көп топтолгон аймактарын тазалайт.

Учурда "Ала-Тоо" аянтында майрамдык иш-чараларга даярдык көрүү иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0