ЖК депутаты дипломатиялык паспортту кыргызстандык байларга берүүнү сунуштады

© Sputnik / Жоомарт УраимовПаспорт. Архив
Паспорт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дипломатиялык паспорт көтөргөндөргө бир катар артыкчылыктар берилет.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Акыркы үч жылда жыл сайын кеминде 10 миллион сом салык төлөгөн кыргызстандыктарга дипломатиялык паспорт берүү сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш тарабынан коомдук талкууга коюлган токтом долбоорунда жазылган.

Мындай демилгени депутат Акылбек Жапаров көтөрүп чыгып, диппаспортту ири чарбалык мекемелердин жетекчилери менен негиздөөчүлөрүнө тапшыруу керектигин айткан.

"Бул аракеттер салык төлөөчүлөрдүн ишине жардамдашууга жол ачып, муну менен алардын өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымына баа берген болобуз. Бул ыкма өлкө казынасына алардын мындан дагы көп салык төлөөсү үчүн шык берет", — деп жазылат негиздемеде.

Работа международного пункта пропуска Благовещенск (РФ) - Хэйхэ (КНР) - Sputnik Кыргызстан
Диппаспорт ээлеринин кандай артыкчылыктары бар? Документ тууралуу маалымат
Эл өкүлү аталган паспорт мамлекеттик чек ара, аэропорт, көзөмөл-өткөрүү бекеттеринен өтүүдө айрым жеңилдиктерди берип, кээ бир өлкөлөргө визасыз барууга жол ача тургандыгын белгиледи.

Андан сырткары, депутат кесиптик этика жана этикалык стандарт кодексинин жоболорун бузган аткаминерлердин дипломатиялык паспортун алып, дисциплинардык жоопкерчиликке тартуу керектигин сунуштаган.

Ошондой эле өкмөттүн токтом долбоорунда дипломатиялык паспортту мамлекеттик кызматкерлер бир гана кызматтык иш сапарларда колдонуусун көзөмөлдөө каралган.

Эске сала кетсек, күзүндө айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери үй-бүлөсүн алып дипломатиялык паспорт менен бир катар мамлекеттерге баргандыгы айтылып, чуу жаралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0