Кыргызстандын 5000 сомдук купюрасы аукциондо он эсе кымбат сатылууда

© Фото / пресс-служба НБКР5 000 сомдук банкнота. Архив
5 000 сомдук банкнота. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Банкноттун баштапкы баасы 685 долларды (48 миң сомго жакын) түзөт.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. eBay интернет-аукционунда беш миң сомдук купюра сатыкка коюлду.

Ал акчанын баштапкы баасы 685 долларды (48 миң сомго чукул) түзөт. Банкнот АA 0000000 сериясындагы үлгү.

Улуттук банктан кабарлашкандай, аталган сериядагы акча менен соода кылууга болбойт.

Буга чейин Кыргызстанда чыгарылган акчалар түрдүү чет элдик аукциондо миңдеген рублга сатылып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0