Кыргызстанда төрт өрт өчүрүү жана куткаруу бөлүгү курулат

Жазылуу
Ошондой эле Өрткө каршы кызматтын нормативдик базасы жакшыртылат.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кореянын эл аралык кызматташтык уюму (KOICA) жана БУУнун өнүктүрүү программасы (ПРООН) менен келишим түздү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ала-Тоо аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Билчү белеңиз? 2019-жылы кыргызстандыктардын жашоосун өзгөртчү нерселер
Билдирүүгө ылайык, "Калктын өрт коопсуздугун жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын өрт өчүрүү жана куткаруу кызматынын потенциалын жогорулатуу" деп аталган гранттык документке кол коюлду.

Анын негизинде төрт өрт өчүрүү жана куткаруу бөлүктөрү курулуп, тиешелүү жабдуу жана техника менен камсыздалат. Ошондой эле Өрткө каршы кызматтын нормативдик базасы жакшыртылат.

Долбоордун жалпы суммасы 7,351 миллион доллар болуп, алты миллиону курулуш иштерине жана адистерди окутууга жумшалат. Ал эми 351 миң доллар эксперттик колдоого, административдик чыгымдарга сарпталса, куткаруучулардын кесипкөйлүгүн арттырууга жана укуктук базаны иштеп чыгууга бир миллиондой доллар кетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0