Уборка площади Ала-Тоо в Бишкеке

Азайыптыр! Жаңы жылдын түнүндө "Ала-Тоодон" 4 тонна таштанды чыкты

224
(жаңыланган 16:17 03.01.2019)
"Ала-Тоо" аянтын тазалоо үчүн "Тазалык" мамлекеттик кызматынын 60 жумушчусу иштеп, жети техника пайдаланылган.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтынан Жаңы жылды майрамдоодон кийин жүк ташуучу үч автоунаа таштанды чыгарылды. Бул былтыркыга караганда аз. Маалыматты мэриянын басма сөз  кызматынан кабарлашты.

Борбордук "Ала-Тоо" аянтын тазалоо үчүн  "Тазалык" мамлекеттик кызматынын  60 жумушчусу иштеп, жети техника пайдаланылган.

"Аянттын ар кайсы жерине таштанды салуучу челектер орнотулган. Андан сырткары, кошумча 40 желим жана 10 евроконтейнер коюлган. Жалпы жонунан 26 куб метр же жүк ташуучу үч автоунаа таштанды чыгарылды.  Бул биринчи ирет болуп отурат", — деп айтылат маалыматта.

Жаңы жыл майрамынын белгилүү учурунда муниципалдык кызматтын өкүлдөрү таңдан тарта нөөмөткө чыккан.

Маалыматта "тазалыкчылар"  таштандыны тынбай, үзгүлтүксүз ташып чыгып турганы айтылган.

31-декабрда "Ала-Тоо" аянтында майрамдык концерт болуп, шаардыктар үчүн көңүл ачуучу иш-чаралар уюштурулган.

Ал эми былтыр, 2018-жылдын Жаңы жыл майрамынан кийин, жалпы жонунан сегиз жүк ташуучу унаа таштанды чыгарылган.

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын "Ала-Тоо" аянты боюнча жетекчиси Руслан Жаныгулов буга чейин аянттан күнүнө 400 килограммдай таштанды чыгарыларын, ал эми майрам күндөрү анын көлөмү 3-4 эсеге көбөйөрүн айткан.

224
Белгилер:
таштанды, Ала-Тоо аянты, "Тазалык" ишканасы, Бишкек
Тема боюнча
Жаңы жылда борбордук аянтта 2 миңден ашык милиционер кызмат өтөйт
Жаңы жыл күнү борбордук аянтта кошумча 50 урна орнотулат