Мас болуп айдасаңыз эми... 55 миң сомго чейин айып төлөйсүз. Жаңы эреже күчүнө кирди

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүРабота сотрудников ГИБДД в Омске
Работа сотрудников ГИБДД в Омске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы айып пул менен кошо эле Административдик кодекс да жаңыланды.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. 2019-жылдын 1-январынан тарта Жолдо жүрүүнүн кээ бир эрежелерин бузгандагы айып пулдардын суммасы өзгөртүлүп, Административдик кодекс жаңыланды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктан айтып беришти.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ага тескөөчүсү Ахмед Нурманбетов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Нурманбетов: коопсуздук курун тагынбаган айдоочуларга 1000 сом айып салынат
Буга чейин айып пулдарды жогорулатуу сунушталган. Автоунааны мас болуп айдаганы үчүн 10 миң сом айыпка жыгылчу. Өзгөртүүдө 17 500, ал эми кызматтагылар 55 000 сомго чейин төлөсүн деген сунуш киргизилген.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматынын билдиргенине таянсак, бул өзгөртүү 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирди. Алар автоинспекторлор бул өзгөрүүлөр туурасында республикадагы айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштаарын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0