Ош: эки кыз каза болгон мейманканадан илбирс менен карышкырдын териси табылды. Сүрөт

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш шаарында өрт чыгып, эки кыз каза болгон мейманканадан илбирс менен карышкырдын терилери табылды
Ош шаарында өрт чыгып, эки кыз каза болгон мейманканадан илбирс менен карышкырдын терилери табылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-январь күнү Ош шаарындагы "Жетиген" мейманканасынын жер төлөсүндө өрт чыгып, эки кыз каза болгон.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Ош шаарында өрт чыгып, эки кыз каза болгон мейманканадан илбирс менен карышкырдын терилери табылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди.

Учурда мейманкананын ээси чакыртылып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш шаарында өрт чыгып, эки кыз каза болгон мейманканадан илбирс менен карышкырдын терилери табылды
Гибель двух девушек при пожаре в многоэтажном доме в Оше - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарында өрт чыгып, эки кыз каза болгон мейманканадан илбирс менен карышкырдын терилери табылды

"Мейманкананын кире беришинде илинип турган илбирс менен карышкырдын териси жана эликтин катырылган башы алынды. Буюмдар өтө эски абалда болгон. Учурда булардын кайдан алынгандыгы иликтенүүдө. Аталган мейманкананын администраторунун айтуусуна караганда, мындан көп жыл мурда күйөөсү кайсы бир жактан алып келген. Ал жолдошу былтыр каза болгон экен", — деп айтылат маалыматта.

Оштогу өрт чыгып эки кыз каза болгон жайдын ичинен көрүнүшү. Видео - Sputnik Кыргызстан
Ош: өрт чыгып эки кыз каза болгон жайдын ичинен көрүнүшү. Видео
Эске салсак, 1-январь күнү Ош шаарындагы Жим көчөсүндөгү №1 үйдө жайгашкан "Жетиген" мейманканасынын жер төлөсүндө өрт чыгып, эки кыз каза болгон. ШИИБдин оперативдүү тергөө кызматы тарабынан каза болгон кыздардын өздүгү аныкталып, алар 20 жана 27 жашта экени айтылган.

2018-жылдын апрель айында да ушул жерден өрт чыгып, анын кесепетинен алты киши жабыркап, ооруканага жеткирилген. Өрттөн качкандардын экөө терезеден кулап кеткен. Алардын бири эркек киши, экинчиси 25-30 жаштагы аял экени белгилүү болгон. Кийин аял алган жараатынан каза тапкан.

Милициянын билдиришинче, ушул мейманкананын администраторлоруна карата 2018-жылдын аралыгында эле "Сойкулук жасоо үчүн көмүскө жайды уюштуруу" беренеси менен алты ирет кылмыш иши козголуп, аталган жай жабылган. Акыркы мезгилде мейманкана катары кызмат көрсөтүп жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0