ОСАГО тутуму кантип иштейт? Мамфинкөзөмөлдүн түшүндүрмөсү

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОсаго полиси. Архив
Осаго полиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан ЕАЭБ жана КМШ ичинде автожарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруусу жок жалгыз мамлекет болуп саналат.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. 2019-жылдын 7-февралынан тарта "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамы күчүнө кирет. Анда өлкө аймагында транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу тутумун киргизүү каралган. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы ОСАГО тутумунун иштөө тартибин түшүндүрдү.

Рабочее совещание по вопросам обеспечения общественного порядка - Sputnik Кыргызстан
Премьер Абылгазиев айып пул тууралуу: тартип бузгандар жазасын алышы керек
Мыйзам долбоорунун максаты — жол кырсыгынын кесепетинен улам келтирилген зыяндын ордун толтурууга жабырлануучунун жана пайда табуучунун укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын, ошондой эле жоопкерчилигин камсыздандырган унаа каражаттарынын ээлеринин мүлктүк кызыкчылыгын коргоо.

Мыйзамдын ишке кириши менен бардык тараптар жол кырсыгынын натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу кепилдигине ээ болот. Мындан тышкары, мүлктү калыбына келтирүүгө жана дарыланууга кеткен чыгымдан корголуп, компенсация ала алышмакчы.

"ОСАГО тутуму айдоочуларды жол эрежелерин сактап жүрүүгө өбөлгө болот. Жабырлануучу тарапка компенсация төлөнбөй калбашы үчүн төлөмдөрдүн кепилдик фондусу түзүлөт. Ага камсыздандыруу уюмдары туруктуу негизде каражат чегерип турат", — деп айтылат маалыматта.

Түшүндүрмөгө ОСАГО тутумун киргизүүнүн алкагында автоматташтырылган маалыматтык борбор иштей турганы жазылган. Анда камсыздандыруу келишимдери жана камсыздандыруу учурлары жөнүндө маалыматтар бар. Ошону менен бирге уникалдуу бирдиктүү электрондук маалыматтар базасы түзүлөт, ал авариялуулук абалы тууралуу такталган статистикалык маалымат булагы катары кызмат өтөйт.

Ала-Тоо аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Билчү белеңиз? 2019-жылы кыргызстандыктардын жашоосун өзгөртчү нерселер
Ошол эле учурда Мамфинкөзөмөл 2019-жылдын 7-февралынан тарта полистин жоктугу үчүн унаалары башка өлкөдө катталган айдоочуларга дагы айып салууну сунуштап жатат. Муну менен бирге Кыргызстандын аймагында катталган айдоочулар үчүн 2019-жылдын 7-августуна чейин өтүү мезгили каралат. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууда.

Эскерте кетсек, "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" КР мыйзамы 2015-жылы 24-июлда кабыл алынган, расмий жарыяланган күндөн 6 ай өткөндөн кийин, 2016-жылдын 7-февралында күчүнө кирмек.

Бирок 2016-жылдын 2-августунда Жогорку Кеңеш депутаттарынын демилгеси менен мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн 2019-жылдын 7-февралына чейин узартылган.

Белгилеп кетчү жагдай, Кыргызстан ЕАЭБ жана КМШ ичинде автожарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруусу жок жалгыз мамлекет болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0