Камакка алынган Осмонбек Артыкбаевдин жүрөгүнө кайра операция жасалды

© Фото / пресс-служба ЖККамакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев. Архив
Камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат өткөн жылдын 5-июнунда коррупцияга айыпталып камалган.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевге операция жасалды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Артыкбаев 4-декабрда Бишкектеги Ортопедия жана травматология илим изилдөө борборуна жаткырылган болчу.

"Бүгүнкү күндө Артыкбаев ооруканада жатат. Мурдараак ал комплекстүү кароодон өткөн", — деп билдиришти УКМКдан.

Ал эми депутаттын учурдагы абалы туурасында маалымат айтылган жок.

Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Машыгып, тил үйрөнүп, мыйзам жазып... Абактагы атка минерлер эмне менен алек
Былтыр жайында дагы Артыкбаевдин жүрөгүнө операция жасалганы маалым болгон.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын 5-июнунда Артыкбаевге коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө бүткөнгө чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ага Бишкек ТЭЦти модернизациялоонун алкагында коррупциялык иштерге барган деп айып тагылган. Бул иш боюнча мурунку премьер-министр Сапар Исаков, Улуттук энергохолдингдин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурундагы башчысы Салайдин Авазовдор камалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0